ӨКМ: Бишкек-Ош авто жолу кардан «толугу» менен тазаланып ачылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек-Ош авто жолун кайрадан ачты. Мамлекеттин негизги авто трассасы март айынын ортосунда үч адамдын өмүрүн кыйган кар көчкүдөн кийин жабылган.

Жолдун ачылышы жөнүндөгү маалыматты ӨКМ 26-мартта таратты. Министрликтин басма сөз катчысы Абдишарип Бекиловдун айтымында, кар көчкү түшүү коркунучу дале сакталууда, бирок «жолду ачыш керек болду» дейт.

Бишкек-Ош авто трассасы Кыргызстандын түштүгү менен түндүгүн байланыштырган стратегиялык маанилүү жол. Мурунтан күбөлөр «50-100 авто унаадан турган пробкалар» жөнүндө айтып өтүшкөн.

Министрликтин кызматкерлери бир жума бою кооптуу аймактарда ок атууларды жүргүзүп атайлап көчкүлөрдү түшүрүштү.

Атуулардын жыйынтыгында, 22-мартта авто трассанын 246-километринде эки миллион метр куб кар түшкөн.

Бул башка участоктордогу түшүрүлгөн көчкүнүн массасынан он эсеге көп.

ӨКМдин маалыматында, атайын көчкү түшүрүүлөр 30-мартка чейин улантылат.

17-март күнү ушул эле трассадагы Чычкан капчыгайында түшкөн көчкүнүн алдында жети адам калып, алардын үчөө каза болгон.

Көчкү түшкөн жерге жакын жайгашкан Токтогул шаарчасынан келген куткаруучулар бир саат ичинде кар алдынан төрт адамды сактап калышкан, дейт ӨКМ.

Кар алдында калган үч эркекти куткаруу мүмкүн болбоду. Алардын экөө Жалал-Абад облусунун, бирөө Баткендин тургуну экен.

ӨКМдин кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун жетекчиси Мухамед Субаров «Клоопко» берген интервьюсунда, каза болгон эки адамды көчкү түшкөндөн бир сааттан кийин, үчүнчүсүн түнкү саат экилерде алып чыгышкандыгын маалымдаган.

Бул кар көчкүнүн алдындагы адамдардын каза болушу жөнүндөгү биринчи окуя эмес. 24-ноябрда Бишкек-Ош жолунда дал ушундай кырсык болгон.

Анда кар алдында үч адам — Кытайдын эки жараны жана бир кыргызстандык жигит каза болгон.