Орус бильярды: Чепиков Бишкекте өткөн дүйнөлүк чемпионатынын жеңүүчүсү

Орусиялык Александр Чепиков мекендеши Юрий Пащинскийди 7:4 эсеби менен утуп, орус бильярды боюнча дүйнөлүк чемпион наамына татыды. Ал эми Канат Сыдыков үчүнчү орунду орусиялык Никита Левада менен бөлүшүп, кыргызстандык спортчулар арасында эң мыкты болду.

Финалдын башталышында эле Чепиков лидерликти аркалап, биринчи партияны утуп кеткен.

Ал эми Пащинкский кийинки үч партияны катары менен жеңип, бирок артыкчылыгын сактай албады. Жыйынтыгында Чепиковко чемпион наамын алдырып жиберди.

Бул Чепиковдун «айкалыш пирамида» түрүндөгү алгачкы жеңиши. Бильярддын бул түрү постсответтик мамлекеттер арасында кеңири тараган.

Чепиков менен Пащинскийдин беттешинде акыркы финалдык шарды ойнотуу бир саатка созулду. Жалпысынан финалдык матч төрт саатты чапчыды.

Жеңишке жеткен бильярд столунда Чепиков «эң меймандос республикага» деген кол тамгасын калтырып кетти.

Чепиковдун айтымында, бул турнирде ал бир нече “кыл көпүрөдөн” өттү.

Болочок чемпион финалдын 1/8 бөлүгүндө украиналык Егор Жуковскийге 1:4 эсебинде утулуп жаткан, бирок акыркы төрт партияны катары менен утуп, 5:4 эсеби менен жеңишке илип кеткен.

Бишкек спорт сарайында өткөн турнирде дүйнөнүн 16 өлкөсүнөн келген 107 спортчу катышты.

Кыргызстандын намысын эки жолку дүйнөлүк чемпион Каныбек Сагынбаев менен бирге 16 бильярдчы коргоду. Тилекке каршы Сагынбаев финалдын 1/32 бөлүгүндө эле чыгып калган.

Чепиковдун оюнда, Сагынбаевдин мындай жыйынтыгын анын машыгууга эмес, турнирди уюштурууга көбүрөөк убакыт бөлүп койгондугу менен түшүндүрсө болот.

Финал аяктаган сон бильярдчылар кол тамгаларын калтырган столду уюштуруучулар аукционго коюшту.

Көрүүчүлөрдү бири мындай столго 5 миң АКШ долларын сунуштаган. Бирок уюштуруучулардын айтымында, ал мас абалында болчу. Аукцион токтотулуп, кол тамга коюлган бильярд столу Каныбек Сагынбаевдин фондуна өткөрүлүп берилди.

Бишкекте өткөн биринчи дүйнөлүк чемпионат

Чемпионаттын ачылыш аземине президент Алмазбек Атамбаев катышты.

«Бул бильярд спорту боюнча эле эмес, дегеле эгемендүү Кыргызстандын аймагындагы өтүп жаткан биринчи дүйнөлүк чемпионат», — деп президент белгилеп өттү.

Чепиковдун айтымында,турнирдин ачылыш аземинде президенттин катышуусу «чемпионаттын жогорку деңгээлде өтүп жаткандыгынын көрсөткүчү».

Бишкекте өткөн дүйнө чемпионаты тарыхтагы алтынчы чемпионат. Буга чейин турнир Казакстан жана Орусияда өткөрүлүп келген.

Редактор: Зарема Султанбекова

Авторлор: Алексей Ким и Гульнара Ибрагимова

Которгон: Таттуу Укуева