Бакиевдин экстрадициясын талап кылган пикетке бир адам катышты

«7-апрель» жаштар кыймылынын лидери Өндүрүш Токтоназаров мурунку президент Курманбек Бакиевдин экстрадициясын талап кылып Кыргызстандагы Белорусия элчилигинин имараты алдында пикет өткөрдү. Акциянын калган катышуучулары «адашып калып» АКШнын элчилигине барып алышыптыр, дейт Токтоназаров.

Кыргыз бийлик өкүлдөрүнө Бакиевди кайтарып берүүсүн талап кылып, Беларусия элчилигинин имаратынын алдында Токтоназаров эки сааттай турду.

Акцияга алгач алты адам катышышы керек болчу, бирок калгандары «адашып» АКШ элчилигине барышыптыр, дейт Токтоназаров.

«Беларусия элчилигинин дарегин катышуучулардын көбү билишчү эмес.Топтун бир бөлүгү адашып, Америка элчилигине барып алышкан», — дейт укук коргоочу.

Бул «7-апрель» жаштар кыймылы өткөрүп жаткан 10-акция. Мурунку акцияларыбызга «ондой адам” катышчу, дейт кыймылдын лидери.

Милиция кызматкерлеринен башка эч ким көңүл бурбагандыгын айтып нааразычылыгын билдирди. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери «Эмнеге жалгызсың?», «Кимге келдиң?» деп улам-улам сурап жатышат, дейт Токтоназаров.

«Белорусиянын элчиси бизди эки эле жолу кабыл алган. Болгондо да жоопторуна эч канаатанган эмесмин. Тайсалдап, үстүртөн эле жоопторду берип, актанып жатты. Андан кийин кабыл алган эмес», — дейт Токтоназаров.

Ал эми элчиликтин басма сөз катчысы, «эртең гана» комментарий бере алабыз деп жооп беришти.

Курманбек Бакиев — Кыргызстандын мурунку президенти, 2010-жылдагы 80 адамдын өмүрүн кыйган апрель төңкөрүшүнөн кийин Белорусияга качып кеткен.

Автор: Алексей Ким

Редактор: Эльдияр Арыкбаев

Которгон: Таттуу Укуева