Бишкек-Ош жолу кар көчкү коркунучунан бир күнгө жабылат

Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн байланыштырган авто трасса, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин буйругу боюнча бүгүн 28-мартта жабылат. Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы кар көчкү коркунучу күтүлүүдө, дейт ӨКМ.

Премьер-министрдин атайын буйругу менен Бишкек-Ош жолу жабылды, дейт ӨКМдин расмий сайтында.

Кар көчкү коркунучунун болушу, кардын калың жаашы жана ӨКМдин иштери үчүн мындай буйрук берилген.

ӨКМ айдоочуларга авто унаалардын ортосунда 500 метрлик динстанцияны сактоо жана мүмкүн болушунча алыскы аралыктарга сапарга чыгуудан баш тартууну сунуштап жатат.

ӨКМ артиллериялык атууларды жүргүзгөндүктөн 20-марттан 26-мартка чейин автотрасса жабылган.

Бишкек-Ош жолундагы 17-мартта түшкөн кар көчкүнүн алдында жети адам калган.

ӨКМдин куткаруучулары төрт адамды гана сактап калууга үлгүрүшкөн.

Автор: Раим Досункулов