«Кумтөр» кенинде түшкөн муздан «Центерра» канадалык компаниясынын акциялары төмөндөп кетти

«Кумтөр» кенинин түштүк-чыгыш бөлүгүндөгү муздун түшүшү жана кызматкерлеринин февраль айындагы иш таштоолору «Центерра Голд» канадалык компаниясынын акцияларынын бир күндө эле 15%га төмөндөшүнө алып келген. Азыркы күндө чыгымдарды акташ үчүн компания башка участокто чыгарылган алтындын көлөмүн көбөйттү.

«Кумтор Оперейтинг Компани» тоо-кен иштетүү компаниясынын 100% акциясына ээлик кылган «Центерра Голд» фирмасынын акциялары кендеги муздун түшүшүнөн бир күндө эле 15%га төмөндөдү.

«Кумтөрдүн» өкүлү Сергей Дедюхин учурда алтын казуу иштери токтотулгандыгын айтты.

Дедюхиндин айтымында, өндүрүштүн төмөндөп кетишине кендин түштүк-чыгыш бөлүгүндөгү «муздун жана тоо породаларынын түшүшү» себеп болгон.

«Ошол ашыкча тоо тектер менен музду алып салыш керек, ошондуктан кен иштетүү пландары өзгөртүлдү», — дейт Дедюхин.

Казылган алтындын көлөмү биз күткөндөн төмөндөшү мүмкүн – күтүлгөн 19 тоннадан 12 тоннага чейин, дейт «Кумтор Оперейтинг Компанини» пресс-релизинде.

Компаниянын маалыматы боюнча, өндүрүштүн төмөндөшү муздун түшүшү менен эле эмес, февраль айындагы кызматкерлердин нааразычылык акциясы менен да байланыштуу.

Шахтерлор 10 күн бою жумушка чыгуудан баш тартышып, бийик тоолуу райондо иштегендери үчүн айлык акынын көтөрүлүшүн талап кылышкан.

Азыр муздун түшүшүнөн кеткен чыгымдарды компенсациялоо үчүн алтын казуу кендин түштүк-батыш участогунда бурулду.

«Февралдагы иш таштоолор менен муздун түшүшү кенди иштетүү пландарын 2013-жылдын аягына чейин жылдырылышына жана чыгарыла турган алтындын көлөмүнүн азайышына алып келиши күтүлүүдө», — дейт «Центерра»

«Кумтөр» — «Центерра Голд» канадалык компаниясына тиешелүү болгон алтын кени. Ысык-Көл облусунун тоолорунда жайгашкан.

Компаниянын Кыргызстандын ИДПсындагы үлүшү 12 пайызды түзөт, деп маалымдайт «Рейтерс» «Центеррага» шилтеме жасап.

Автор: Любовь Шевченко

Редактор: Эльдияр Арыкбаев

Которгон: Таттуу Укуева