Балдар үйүндө тарбиялангандар эми каалаган кесиптин ээси боло алышат

Балардар үйүндө тарбияланган өспүрүмдөр эми каалаган адистигине окуй алышат. «Дильбар» мода үйүнүн директору интернатта тарбияланган тигүүчү кыздарды жумушка алууга даяр.

АКШнын элчиси Памела Спартлендин балдар үйүнүн жетекчилери жана өспүрүмдөр менен болгон жолугушуусунда, билим берүү министрлиги менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрү тарабынан «Балдар үйүндө тарбиялануучулардын жөндөмдөрүн өнүктүрүү» долбоору ишке киргизилди.

Бул долбоордун алкагында балдар үчүн ар кандай тренингдер өткөрүлүп, лидерлик сапаттарын өркүндөтүү жана өзү каалаган бир адисттике окуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Военно-Антоновка балдар үйүндөгү өспүрүмдөр тигүүчү, маникюр жасоо боюнча адис, кол өнөрчүлүк жана ашпозчу кесиптерине үйрөнүшөт. Калган балдар үйлөрү өзүнүн аймагында «керектүү болот» деген башка адистиктерди жана кесиптерди тандаса болот.

Уюштуруучулардын айтымында, Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарындагы тогуз балдар үйүнөн 14 жаштан 17 жашка чейинки тарбиялануучулар тренингдерге катыша алышат.

Долбоор америкалык ЮСАИД фонду тарабынан каржыланат.

Балдар үйүндөгү бөлмөлөрдө атайын тренинг өткөрүү үчүн оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, керектүү жабдыктар жана каржаттар сатып алынды.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спартлен, балдар окуудан кийин Кыргызстандын «демократиялык нукта өнүгүшүнө өз салымын кошушат» дейт.

Билим берүү министрлигинин адиси жана үч мектепт-интернаттын директорлорунун айтымында, бул долбоор бүтүрүүчүлөр үчүн «өтө маанилүү»

«Бүтүрүүчүлөрүбүздүн көпчүлүгүнүн кесиби, жашай турган жери жок болуп, келечеги кандай болот деп жүрөгүң ооруйт», — дейт директорлордун бири.

Чүй мектеп-интернатынын директорунун айтымында, бүтүрүүчүлөр кайда иштеп, кантип үй-бүлө куруу керектигин билишчү эмес.

«Мисалы, биз окуткан мамлекттик программа боюнча «эмгек дисциплинасы» деген сабак бар, бирок эч кандай кесипке үйрөтпөйбүз», — дейт директор.

Билим берүү министрлигинин кызматкери Салтанат Мамбетова, каржылоо жетишпегендиктен жана окуу бөлмөлөрүнүн начар абалда болушунан мамлекеттик программада мындай тренингдер жокко эсе, дейт.

Анын айтымында, мындай долбоорлор балдар үйүндөгүлөргө эле эмес, жалпы эле бардык жаштар үчүн кызыктуу болот.

«Дильбар» мода үйүнүн директору Дильбар Ашимбаева, Военно-Антоновка балдар үйүнөн тигүүчүлөрдү жумушка алууга даяр экендигин айтты.

Бүтүрүүчү кыздар «толкунданып», ашпозчу, тигүүчү, маникюр жасоо боюнча адис сыяктуу кесиптердин ээси болгондугуна кубанып жаткандыгын айтышты.

Военно-Антоновка балдар үйү мурдагы жылдан бери балдарды ар кандай кесиптерге окутуп келет. Бирок аталган долбоордун ишке кириши менен, иштөө «бир аз жеңилирээк» болуп калды дейт директор.

Тренингден өткөн бүтүрүүчүлөр «Ийгилик күбөлүгүн» — сертификат алып, жумушка орношуп жатканда бул күбөлүктү толук кандуу диплом катары көрсөтүшөт.

Бул долбоор менен иштешип келген эл аралык жаштар фондунун өкүлү Марк Миластын маалыматы боюнча, «Ийгилик күбөлүгүн» 27 мамлекетте 60 миңдей бүтүрүүчү алды.

Миластын айтымында, «Ийгилик күбөлүгүн» алгандардын 80%ы колледждерде окуп, «ийгиликтүү» иштеп жатышат.

Бишкек шаардык тигүү цехтеринин менеджерлери «Клооптун» кабарчлырына “жумушка алууда эң негизги көрсөткүч адамдын тиге билүү жөндөмү” болгондугун айтышты. Мындан сырткары, адамдын колунда анын билимин тастыктаган сертификат болсо, албетте артыкчылык болот, деп кошумчалашты.

Автор: Светлана Пак жана Галия Хайретдиновна

Редактор: Зарема Султанбекова