Блэйк: АКШ «Манас» транзиттик борборунун Кыргызстанда калышына үмүттөнөт

АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Роберт Блэйк Душанбеге болгон расмий иш сапарында, “америкалык аскердик күчтөрүнүн «Манас» транзиттик борборунда калуу мөөнөтү узарат деген үмүттөмүн”, деген оюн айткан. Ал Бишкекке да эки күнгө келүүнү пландаштырып жатат. Саясат таануучулардын айтымында, Блэйк транзиттик борбордун ижара мөөнөтүн узартуу үчүн келет.

АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча жардамчысы Роберт Блэйк Тажикстанга болгон иш сапарында, «Манас» аба майданындагы транзиттик борбордун ижара мөөнөтү узартылат деген үмүттөбүз деген пикирин ортого салды, дейт «Азаттык» үналгысы.

Кыргызстандык бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр баштала элек, бирок «президент Атамбаевге ыңгайлуу убакытта жолугушууга даярбыз», деп Блэйк кошумчалап өттү.

Ал эми Алмазбек Атамбаев, америкалык аскердик күчтөрүнүн 2014-жылдын аягына чейин чыгып кетиши керектиги жөнүндө бир нече жолу айткан.

Президенттин басма сөз катчысы «Клооптун» кабарчыларына өлкө башчысы «чечимин эч качан өзгөртпөйт» деп жооп берди.

Мамлекеттик катчынын жардамчысы 1-3-апрель күндөрү Кыргызстанга келүүнү пландаштырып жатат. Элчиликтин расмий пресс-релизинде «бийлик өкүлдөрү менен ар түрдүү суроолорду талкуу үчүн келет» деп айтылган.

Саясат таануучулардын ойлору

Саясат таануучулардын айтымында, Блэйктин иш сапары транзиттик борбордун ижара мөөнөтүн узартуу үчүн багытталган.

Саясат таануучу Турат Акимовдун оюнда, Блэйктин негизги максаты «Манас» транзиттик борборун мүмкүн болушунча Кыргызстанда узак мөөнөткө калтыруу.

Акимовдун пикири боюнча, колдон келишинче АКШ ижара мөөнөтүн узартууга аркеттенет, анткени Америка «эбак эле Борбордук Азияны бөлүштүрүп койгон».

«Кыргызстан же башка бирөө үчүн пландарынын жокко чыгарылшына уруксат бербейт. Эгер Америка олуттуу геополитикалык өзгөртүүлөрдү жүргүзүүнү чечсе, ага эч ким каршылык көрсөтө албайт», — дейт Акимов «Клоопко» берген интервьюсунда.

Анын оюнда, Орусия ижара мөөнөтүнүн узартылышы жөнүндөгү макулдашууга кол коюлбашына аркеттенет, анткени анын «өзүнүн саясий кызыкчылыгы бар».

«Бардыгы Атамбаевга көз каранды — геополитиканы канчалык деңгээлде түшүнүп, Кыргызстандын кайсы багытта өнүгүүсү өлкө үчүн коопсуз экенин баамдай билиши керек», — дейт Акимов.

Марс Сариев дагы Акимовдун пикирине кошулуп, Блэйктин сапары ижара мөөнөтү менен байланыштуу дейт.

«АКШ Кыргызстандагы авиа базаны калтырууга аракеттенет, анткени геополитикалык жактан Орусияга жана жалпы эле Орто Азияга таасир этүү үчүн мыкты объект. Эми бизге ар кандай долбоорлорду сунушташат. Негизги тирешүү Орусия менен АКШнын ортосунда», — дейт Сариев.

«Манас» транзиттик борборунун башкы милдети ракета күчтөрүнөн коргонуу милдетине алмаштырылса, америкалык авиа база Кыргызстанда кала алат, дейт саясат таануучу.

«АКШдан 2014-жылга чейин авиа база Иранга каршы колдонулбайт деген кепилдик алып, позициябыздан танбашыбыз керек. Эгер Орусия менен АКШ ракета күчтөрүнөн коргонуу маселесинде бир пикирге келишсе, базанын ижара мөөнөтү узарышы мүмкүн», — деди Сариев.

Марат Казакпаев дагы Акимовдун пикирин колдоп, Блэйктин негизги максаты америкалык авиа базанын ижара мөөнөтүн узартуу дейт.

Автор: Любовь Шевченко

Редактор: Улугбек Акишев
Сүрөт «Азаттыктын” сайтынан алынды