Инисинин өлүмүндө агасы айыл өкмөтүн күнөөлөп жатат

Ысык-Көл облусунун Светлая поляна айылынын тургуну Кубанычбек Исраилов инисинин өлүмүндө айыл өкмөтү Марат Жумалиевди күнөөлөп жатат. Жергиликтүү кеңештин депутаттары Жумалиевге ишенбестигин билдиришти. Ысык-Көл областык милиция бөлүмү айыл өкмөтүнүн бул кылмышка тиешеси жоктугун айтты.

Исраиловдун айтымында, 2011-жылдын декабрь айында Марат Жумалиев Кылычбекти ИИМдин бөлүмүнө алып келип, 16 жыл мурунку жарым миллион карызды талап кылып басым көрсөткөн.

Анан инимди үйүнө алып келип, эки уулу менен катуу сабашкан. Алынган жаракаттардан Кылычбек каза болду, дейт Кубанычбек

«Ооруканага кайрылган эмеспиз, иним барбайм деп койгон. Бирок каттуу сабап кеткендиги көрүнүп эле турган», — дейт Исраилов.

Жети-Өгүз районунун ага тергөөчүсү Мурат Исмаилов эксгумациясыз өлүмдүн себебин аныктоо мүмкүн эместигин айтты.

Тергөөчүнүн айтымында, Кылычбек каза болгон учурда Бишкек шаарында болчу. Өзүн жаман сезген жигит ооруканага жеткирилип, ошол жерден көз жумган.

Исмаилов каза болгон жигит наркологияык диспансердин каттосунда турчу, балким өлүмдүн себеби «алкоголдук интоксикация» да болушу мүмүкүндүгүн айтты.

«Мыйзамсыз күмөн саноо»

Светлая Поляна айылдык кеңешинин депуттары 250 айыл туругунунун «Жумалиевдин маданиятка сыйбаган мамилесине» даттануулар жана кайрылуулардан кийин, айыл өкмөтү Мурат Жумалиевге ишенбестигин билдиришкен, дейт депутат Акун Окенов.

«Жумалиев эки уулу менен бирге, жубайынын көзүнчө Исраилов Кылычты катуу сабап, Каракол шаарындагы үйүн жана 1 589 000 сом талап кылган. Кылыч алынган жаракаттардан 2012-жылдын 24-январында Бишкек шаарынын №4 ооруканасынын травматология бөлүмүндө каза болгон», — делет айыл тургундарынын арызында.

Бирок, Океновдун айтымында Жети-Өгүз райондук кеңештин депуттары Светлая Поляна айылынын депуттатарынын “ишенбестик билдирүү” арызын «мыйзамсыз» деп, прокуратурага кайрылууну сунуштаган.

«Эгер белгилүү бир далил, себеп болсо, алардын арызы мыйзамдуу деп табылат. Алардын эч бир документке шилтемеси жок», — дейт Жети-Өгүз райондук кеңешинин катчысы Зина Курбанова.

Ысык-Көл облусунун прокурорунун ага жардамчысы Эмилбек Абдыманапов, айылдык кеңештин Мурат Жумалиевге ишенбестик билдиргенинин мыйзамдуулугу аныкталып жатат, деп маалымдады.

Айылдык кеңеш Светлая Поляна айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгүн иликтөө үчүн комиссия түздү.

Комиссиянын мүчөсү Касымбек Давлетбековдун оюнда, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери Жумалиевдин жетекчилигинде депуттарга көрсөтүлүшү керек болгон документтерди фальсификациялашчу.

«Клооптун» кабарчылары Жумалиев менен байланыша алышпады. РИИБдин маалыматы боюнча, айыл өкмөтү азыркы күндө ооруканада жатат. Ал эми айыл тургундары айтымында, Жумалиев 14 күндөн бери жашынып жүрөт.

Авторы: Азат Рузиев

Редактор: Эльдияр Арыкбаев