Башкы прокуратура: Пирматовдун депутаттык мөөнөтү бүткөндө кылмыш жоопкерчилигине тартылат

Депутат Исхак Пирматовдун депутаттык мөөнөтү бүтүп, кол тийбестигинен ажыраганда, күйүүчү майдын контрабандасы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартам, дейт башкы прокурор Аида Салянова. Парламент кылмыш ишинин козголушуна олуттуу себеп таба албады. Ал эми Пирматов айыптоолордун баары «негизсиз» дейт.

Журналисттер менен болгон жолугушууда Аида Салянова, Пирматовдун кылмыш иши боюнча иликтөө токтотулгандыгын айтты. Депутат күйүүчү майдын баасын жасалма түрдө төмөндөтүү жана контрабандада айыпталып жаткан.

Ошого карабстан, Пирматовдун депуттатык мөөнөтүнүн аякташына чейин күтөм дейт прокурор айым. Кол тийбестигинен ажыраганда, кылмыш жоопкерчилигине тартылат, деди Салянова.

Башкы прокуратуранын өзгөчө иштер бөлүмүнүн жетекчиси Жаныбек Салиевдин айтымында, Пирматов «Кыргызнефтегаз» команиясынын директору болгон мезгилде күйүүчү майды «эки эсе арзан» баада чет мамлекеттке сатчу.

«2010-жылы экспорттун көлөмү кыйла көтөрүлгөн. Мисалы, сатылган бензиндин 95%, дизелдик майдын 90% экспорттолот . [...] Төңкөрүштөн кийин, Пирматов келгенден кийин күйүүчү майдын 100% тең экспортко кете баштады. Автоматтык түрдө баалар да 10 сомго көтөрүлүп кеткен”, — деп Салиев түшүндүрдү.

Пирматовдун кол тийбестигин алып салуу тмаселеси каралган Жогорку Кеңештин отурумунда прокуратура жана анын тергөөчүлөрүнө сөз берилген жок, дейт Салянова

«Расмий түрдө чакырылганбыз, ошого карабастан бизге сөз берилген жок. Бирок, регламент боюнча талкууга бардык тараптар катышы керек эле», — деди башкы прокурор.

«Коомчулук алдында айыптоо»

Пирматов айтылган күнөөлөрдүн баарын четке кагып, Салянованын өзүн журналисттер менен болгон жолугушууда айткан сөздөрү үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыш керек дейт.

Прокурор айымдын сөздөрүнө «коомчулук алдында айыптоо» деп сыпаттама берди.

«Салянова айым кылмыш иши боюнча материалдарды окубагандай сезилет.[…] бир жыл бою иликтөө жүргүзүү мүмкүнчүлүгү болду, бир ай депутаттык комиссия карап чыкты. Далилдер кана деп, жаныңды сууруп алчудай эле. Кайсы далилидер?», — дейт депутат.

Салянованын “депутаттык мөөнөтүнүн аягына чейин күтөм” деген сөзүнө таң калды. Башкы прокуратура 2011-жылдын декабрь айында козгогон кылмыш иши Жогорку кеңештин атайын буйругу менен жабылды, башкы прокуратура «кандай сабатсыз» дейт депутат.

«Депутаттын статусу жөнүндөгү» мыйзамдын 28-беренеси боюнча иликтөөнү үч күндүн ичинде токтотуш керек болчу», — деди Пирматов.

Саляновага депутаттар алдында сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берилбегендигин тастыктады. Бирок, депутаттардын баары эле прокурордун «айта турган сөзү жок» экендигин көрүп турушту дейт.

«Эгер каалса, сөз берилмек», — дейт “республикачы” депутат.

28-март күнү Жогорку Кеңештин отурумунда «Республика» фракциясынын депутаты Исхак Пирматовду кол тийбестигинен ажыратуу боюнча талкуулар болду. Башкы прокуратура Пирматовду күйүүчү майдын контрабандасында жана баалардын төмөндөтүшүндө күнөөлөп жатат.

Автор: Зарина Абдурахман кызы

Редактор: Эльдияр Арыкбаев