Оппозиция Өкмөттүн «бийликтеги акыркы күнү келет» деп эскертти

Өкмөттүн жана парламенттин отставкага кетишин талап кылып оппозиция Баткен шаарында митинг өткөрдү. Өкмөт оппозиция менен сүйлөшүүлөргө даяр экендигин бир нече жолу айтып өткөн. Кийинки митинг 10-апрелде Жалал-Абад шаарында өтөт.

Оппозициянын лидерлери Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев жана Ахматбек Келдибеков өкмөттү күйүүчү майдын Тажикстанга болгон контрабандасында жана «100 күндүк программада» айтылган реформалардын аткарылбагандыгында күнөөлөштү.

Парламенттеги жалгыз оппозициялык «Ата Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев, эгер министрлер кабинети отставкага кетпесе мындай нааразычылык акцияларын Жалал-Абад, Нарын жана Бишкекте өткөрөбүз дейт.

«Эгер Бишкекте митинг өткөрсөк, азыркы Өкмөттүн бийликтеги акыркы күнү болот», — деген Ташиевдин сөзүн митингде жүргөн блоггер Дильшат Мавлянова жазып чыкты.

Оппозиция митингге 10 миң адам келет деген, бирок ар кайсы маалыматтар боюнча митингге бир миңден эки миңге чейин адам катышты.

Өкмөттүн басма сөз катчысы Султан Каназаров «Клоопко» берген интервьюсунда Өмүрбек Бабанов «оппозицияга ачык диалог сунуштаган” дейт.

«Оппозициянын Кыргызстандын өнүгүүсү боюнча сунуштарын угууга жана талкуулоого даяр. Бабанов оппозициянын лидерлерине он адамдын катышуусу менен (ар бир тараптан бештен адам) диалог өткөрүүнү сунуштаган», — дейт Каназаров.

Бирок, «Ата Журт» партиясынын лидерлеринин бири Ахматбек Келдибеков «Вечерний Бишкек» гезитине берген интервьюсунда Өкмөт менен «конструктивдүү диалог» болгон жок деген.

«Биздин негизги талаптарыбыз ошол бойдон — Өкмөттүн отставкага кетиши», — дейт гезит мурунку төраганын сөздөрүн.

Өмүрбек Бабанов 31-мартта УТРКга берген интервьюсунда оппозициянын лидери Адахан Мадумаров менен жолуккандыгын айткан. Мадумаровдун «Өкмөттүн ишмердүүлүгүнө арыздары жок», бирок «кээ бир министрлердин» ишине нааразы, дейт Бабанов.

«Бардык маселелерди талкуулайбыз деп сүйлөшкөнбүз. Балким, ар бир тараптан, аткаруучу бийлик жана оппозициядан бештен киши болуп жолугабыз. Биз дайыма диалогго даярбыз. Оппозицияны душманыбыз катары кабыл албайбыз», — дейт Бабановдун сөздөрүн «Кабар» агенттиги.

Митинг оппозициянын “Өкмөттүн отставкага кетиши жана V чакырылыштагы парламенттин таратылышы” жөнүндөгү талаптары менен аяктады.

Оппозициянын калган талаптары:

1) Курманбек Бакиевдин режими кулатылган 2010-жылкы апрель окуяларынын күнөөкөрлөрүн аныктоо;
2) 400дөй адам каза болгон, Жалал-Абад жана Оштогу этникалык кагылышуулардын күнөөкөрлөрүн табуу;
3) Бакиевдердин үй-бүлөсүнө тиешелүү болгон «АзияУниверсалБанкындагы» каражаттардын кайтарылышы (бул каражаттардын уурдалышында Убактылуу Өкөмттүн мүчөлөрү айыпталып жатат);
4) 1993-жылкы Конституциянын кайтарылышы;

Кийинки митинг Жалал-Абадда 10-апрелде өтөт.

Мындан сырткары Мадумаров Жалал-Абад облусунун губернатору Жеңиш Разаковдун да отставкага кетишин талап кылды.

«Бабанов мыйзамсыз түрдө Баткен облусунун губернаторун дайындады. Конституцияда мындай берене жок», — деп Мадумаровду Ташиев колдоду.

KGInfo.org маалымат порталынын кабарчысы, Баткен облусунун губернатору айыл тургундары арасында «митинг болбойт» деген сөздөрдү тараткан, деп кабарлаган.

Өкмөткө каршы митингдер

Баткен шаарындагы митинг оппозициянын экинчи митинги. Биринчи нааразычылык акциясы 1-мартта Ош шаарында өткөн. Ар кандай маалыматтар боюнча Оштогу митингге 25 миң адам келген.

Анда оппозиция Ош шаардык кеңешке болгон шайлоолордун таза өтүшүн талап кылган. Шайлоо жыйынтыктары боюнча Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовдун «Улуттар биримдиги» партиясы жеңишке жеткен.

Авторлор: Улугбек Акишев жана Эльдияр Арыкбаев

Сүрөт KGInfo.org сайтынын уруксаты менен колдонулду