Парламентте ишембилик: «ар-намысчылар» өз участогун биринчилерден болуп тазалашты [+фото]



Жогорку Кеңештин депутаттары ишембиликке чыгып, парламенттин имаратынан баштап Улуттук тарых музейине чейинки жерди тазалашты. «Ар Намыс» партиясы алгачкылардан болуп өз участогун тазалап бүтүштү.

Парламенттик коалициянын мүчөсү «Ар-Намыс» фракциясы «Республика», социал-демократ, «ата мекенчи» жана «ата журтчу» кесиптештерин артка калтырып, алгачкылардан болуп өз участогун тазалап бүттү.

Парктын территориясы бардык партиялар ортосунда бирдей бөлүштүрүлгөн. «Ата Журт», КСДП жана «Ар Намыс» фракцияларынын депуттары Тарых музейинин артындагы паркты, ал эми «республикачылар» менен «ата мекенчилер» авто унаа токтотуучу жайды шыпырышты.

Фракция лидерлери ишембиликке катышкан жок. Депутаттардан тышкары парламенттин аппаратынын кызматкерлери да тазалоо иштери өз салымын кошушту.

Парламенттик коалициянын мүчөлөрү ишембиликти мелдешүү катары баамдашкан эмес, ошого карабастан «ата журтчулар» биринчилерден болуп бүтөбүз деп үмүттөнүшкөн.


Өз участогун алгачкылардан болуп тазалаган «ар намысычылардын» өкүлү Токон Мамытовдун айтымында, партия ынтымактуу, бирдиктүү иштегендиктен биринчилерден болду. Анткени, бүгүнкү ишембиликке депуттар, кеңешчилер жана «Ар Намыс» партиясынын катчылыгы да келди, дейт Мамытов.

«Ишембилик бул жакшы нерсе, анткени шаардын тазалыгын башкаларга жүктөп койбой, өзүбүз чараларды көрүшүбүз керек», — дейт депутат мырза.

«Ата Мекен» партиясынын кеңешчиси Динара Мамытова, ишембилик — «тазалыктын башаты» дейт.

«Тазалык — бул шаардын көркү. Тазалыкка умутулушубуз керек», — дейт Мамытова.

КСДПнын депуттары да бул ишембиликтен жалаң позитивдүү таасир алгандыгын айтышыт.

«Физикалык жумуш адамды такшалтат», — дейт социал-демократтар

«Ата Журтчу» Динара Исаева, бала чагында чыккан ишембиликти эстегинин айтып берди.

«Республика» фракциясынын депутаты Роза Акназарова, ар бир жаран «шаардын тазалыгына» өз салымын кошуш керек деген пикирде.

Ишембиликке чыккан депутаттар, ар бир мекеме, уюм «жок дегенде бир айда бир» ишембиликке чыгып турса, шаар таза болот деген пикирге келишти.

Ишембиликтин соңунда, депуттар кесиптештери даярдаган палоодон даам татышты.

Автор: Алексей Ким жана Зарина Абдурахман кызы

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Бермет Абдыкадырова