Америкалык чиновниктин келиши «Манас» транзиттик борборуна каршы митингдерди жаратууда



«Манас» аба майданыныдагы америкалык транзиттик борборуна каршы жыйырма чакты кыргызстандык Парламенттин имараты алдында нааразычылык акциясын өткөрдү. Алардын айтымында, АКШ авиа базаны Иранга каршы согушта колдонот. Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген АКШнын мамлекетик катчысынын жардамчысы Роберт Блэйк, транзиттик борбордун тагдыры 2012-жылдын май айындагы НАТОнун саммитинен кийин чечилет дейт.

Митингчилер «Манас» аэропортунда жайгашкан транзиттик жүк ташуу борборун 10-апрелге чейин алып чыгып кетүүсүн талап кылышты. Мындай кадамдарын, «мамлекеттин тагдырына тынчсыздангандык» деп түшүндүрүштү.

Ак үйдүн алдында жыйырма чакты адам чогулду.

«Кыргызстан» патриоттук партиясынын башкы катчысы жана коррупцияга каршы кыймылдын лидери Назарбек Айтпеков «Клоопко» берген интервьюсунда, «Манас» транзиттик борборунун ижара мөөнөтүн «узартуу мүмкүндүгү» жарандарды кабартырлантып жатат дейт.

«Биз дагы согуштан коркобуз. Биз Атамбаевге, АКШнын элчилигине транзиттик жүк ташуу борборунун Кыргызстандын аймагынан 10-апрелге чейин чыгарылып кетүүсүн айтканбыз, себеби АКШ июнда Иранга каршы согуш баштаганы жатат», – дейт Айтпеков.

Назарбек Айтпеков эки күндүк иш сапары менен келген Роберт Блэйк, транзиттик борбордун аймагындагы америкалык аскердик күчөтөрүнүн позициясын бекемдейт деген пикирде.

Анын айтымында, эгер өлкө башчы «Манас» транзиттик борборун Кыргызстанда калтырса «импичмент жарыяланышына жана жаңы төңкөрүшкө» алып келиши мүмкүн.

«Эгер Атамбаев ижара мөөнөтүн узартса, биз ага каршы чыгабыз, Кыргызстандагы жашоонун сакталышы үчүн биз ага импичмент жарыялайбыз. Менин оюмча үчүнчү революциядан кача албай калабыз», — дейт Айтпеков.

Роберт Блейк «Клоопко» берген интервьюсунда, америкалык аскердик күчтөрдүн калуу маселеси 2012-жылдын май айындагы НАТОнун саммитинде чечилет деди.

«Кыргызстандын жаңы өкмөтү менен транзиттик борбор маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөөрүбүздөн кубанычтабыз. Албетте көп нерсе АКШнын жаңы президентинен жана анын Ооганстанга карата саясатына көз каранды болот», – деп Блэйк белгилеп өттү.

Президенттин басма сөз катчылыгынын жетекчиси Кадыр Токтогулов «Клоопко» берген интервьюсунда мамлекет башчы чечимин өзгөртпөстүгүн айткан.

«Транзиттик жүк ташуу борборунун «Манас» аба майданында жайгашуусу 2014-жылы жайында аякташ керек деп президент мурунтан эле айткан, бул жөнүндө Роберт Блейк менен болгон жолугушуусунда да кайталады”, – дейт Токтогулов.

АКШ транзиттик борборду башка мамлекеттердеги аскердик операцияларда колдонбойт деп бир нече жолу сөз берген, анткени биз Кыргызстанда Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин мандаты аркылуу жайгашканбыз, дейт Блэйк.

«Транзиттик борбор, мандатта белгиленген шарттардын чегинде гана иштейт — бул Ооганстандагы аскердик операцияларга колдоо көрсөтүү. Америка башка мамлекеттердеги аскерий иш-аракеттери үчүн авиа базаны колдонбойт деп ишенем», — дейт Токтогулов.

Өткөн жумада Тажикстандын борбору – Душанбедеги иш сапарында Роберт Блейк Кыргызстандын өкмөтү «Манас» аба майданыныдагы транзиттик борбордун ижара мөөнөтүн узартат деген үмүттөмүн, деген пикирин айткан.

Авторлор: Улугбек Акишев жана Любовь Шевченко

Которгон: Айсулуу Кокоева