Баракчаларды тараткан үчүн Парламенттин имаратында волонтерлор кармалды

Жогорку Кеңештин имаратын эксплуатациялоо бөлүмүнүн башчысы жарандык уюмдардын волонтерлорун парламенттин ичинде баркачаларды тараткандыгы үчүн камакка алды, деп укук коргоочулар кеңеши маалымдады. Ал эми, бөлүм башчы волонтерлордун кармалгандыгын четке кагып, болгону кайсы уюмдун өкүлдөрү экендигин «тактагам» дейт.

Волонтерлор Жогорку Кеңештин Исхак Пирматовдун кол тийбестигинен ажыратпоо чечмине нааразычылыгын билдирген укук коргоочулар кеңешинин арызын таратып жүрүшкөн.

Укук коргоочулар кеңешинин маалыматы боюнча,чарба бөлүмүнүн башчысы Базарбай Мусабеков волонтерлорду кармап, парламенттин имаратынын бөлмөлөрүнүн биринде «суракка алган».

Укук коргоочулар кеңешинин өкүлдөрүнүн айтымында, волонтерлор кармалып жатканда уюлдук телефонсуз болчу, анткени, Жогороку Кеңештин имартына кирип жатканда коопуздук кызматкерлери телефондорду алып калат.

«Волонтерлор коомдук тартипти бузган эмес, отурум залына да кирген жок, депутаттардын иштөө режимин бузган жок, кайрылуу менен баракчаларды макулдугун берген гана адамдарга берип жатышты», – деп жазышат Укук коргоочулар кеңеши.

Баракчаларды тараткан волонтерлордун бири, парламенттин отурум залына кирбегендигин айтты.

Анын айтымында, баракчалар коридорлордо жана депутаттардын бөлмөлөрүндө, өз ыктыяры менен алган адамдарга гана берилген.

Укук коргоочулар кеңеши жана парламенттин ишмердүүлүгү боюнча мониторинг жүргүзгөн уюмдар «бул коогалуу окуяны» териштирүү боюнча төрагага кайрылышкан.

Алар Кыргыз Республикасынын 31-беренесине шилтеме жасашты. Берене боюнча, «ар ким эркин ой жүгүртүүгө жана өзүнчө пикирге ээ болууга; маалыматты эркин издеп, алууга, сактоого, колдонууга жана аны оозеки, жазуу жана башка жол менен таратууга укуктуу».

Баракчаларда башкы прокуратура тарабынан күйүүчү майдын баасын төмөндөтүү жана контрабанда факты боюнча айыпталып жаткан «Республика» фракциясынын депутаты Исхак Пирматовдун кол тийбестигин албоо жөнүндөгү Жогорку Кеңештин чечими боюнча нааразычылыктар жазылган.

Бирок башкы прокурор Аида Салянова Пирматовду депутаттык мөөнөтү бүтүп, кол тийбестиги жоюлганда кылмыш-жаза жоопкерчилигине тарта турганын айткан.

Мусабеков волонтерлорду «камакка» алгандыгын четке какты. Анын айтымында, ал волонтерлор кайсы уюмдун өкүлү экендигин гана тактаган.

Ал «Клоопко» берген интервьюсунда, Жогорку Кеңештин имаратында баракчаларды таратуу парламенттин аппараты менен макулдашылган эместигин айтты.

Анын айтымында, төраганын тапшырмасы боюнча баракчаларды ким таратып жаткандыгын тактаган.

«Биз аларды кармаган жокпуз,алар мыйзамсыз түрдө кандайдыр бир документтерди таркатып жатышкан,булар кайсы адамдар? Жөн гана алардын ким экендигин тактадык», – дейт Мусабеков.

Бирок укук коргоочулар кеңеши волонтерлорду камакка алышкан деген фактты карманышууда.

«Камакка алуу укугу коопсуздукту камсыздоо кылуу милдети жүктөлгөн жана иш-аракети мыйзам менен регламенттенген адамда гана бар. Ал адам өзүн тааныштырып, тийиштүү күбөлүгүн көрсөтүшү керек», - дейт укук коргоочулар кеңеши.

Баракчалар отурум залына «мыйзамсыз» түрдө киргизилген

Депутат Курманбек Дыйканбаев баракчалардын отурум залына «мыйзамсыз» киргизилгендиги жөнүндө маселени көтөрдү.

«Бизге түшкөн документтердин баары – бул мыйзам долбоорлору, токтомдор», – деди Дыйканбаев.

Анын айтымында, төрага да, Жогорку Кеңештин аппараты да укук коргоочулар кеңешине баракчаларды таратууга уруксат берген эмес.

«Бирөө жооп бериши керек. Мен процедуралык суроо боюнча маселе көтөрдүм – бул кагаздар кантип бизге түштү? Ким бул баракчаларды отурум залына алып кирип, депутаттардын көз алдына коюп койду?», – деп суроо салат парламентарий.

Сүрөттүн автору: Эльдияр Арыкбаев
Редактор: Зарема Султанбекова
Которгон: Айсулуу Кокоева