Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы: чиновниктер ажылык уюштуруу маселесинен четтетилет

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы [КМДБ] Меккеге ажылыкка бара тургандардын каттоосу башталгандыгын маалымдады. Бишкек шаарынын казысынын айтымында, каттоо учурундагы коррупцияны жокко чыгаруу үчүн, ажылыкты уюштуруу маселеси эми муфтиятка өткөрүлүп берилди.

Бишкек шаарынын казысы Максатбек ажы Токтомышев, «Кыргыз Республикасындагы дин эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү мыйзамга» киргизилген өзгөртүүлөр боюнча, ажылык уюштуруу маселелери эми КМДБга берилгендигин айтты.

Анын айтымында, ажылыкка барууну каалагандардын каттоосун облустук казылар, райондук имамдар жана жергиликтүү мечиттердин имамдары өткөрөт.

Токтомышевдин айтымында, «лицензиясы жок, белгисиз бирөөнүн мусулмандарды алдап кетпөөсү үчүн» мындай өзгөртүүлөр киргизилди.

«Ажылыкка барууну каалагандар, биздин сайтка паспортунун номерин катташ керек. Мындай маалыматтарды жоопкер казы жана казыяттар гана чогултушат. Баары эле эмес», — дейт Бишкек шаарынын казысы.

Муфтияттын маалыматы боюнча, ажылыкка бара тургандарды компьютер аркылуу каттоо системасы киргизилди. Катталган ар бир жаранга, ажылыкка бара турган катар номери берилет.

«Мурун кандай эле, бирөө келип 2350 доллар берди, экинчиси келип үстүнө дагы 100 доллар кошуп берем, мени биринчи койгула дечү», — дейт Максатбек ажы Токтомышев.

Муфтияттын пресс-релизине таянсак, жаңы эрежелер боюнча ажылыкка бара тургандардын беш убак намаз окугандыгы, коммуналдык карыздары жоктугу, ажыга мурун барбагандыгы такталат.

2010-жылкы хадж-виза маселеси тегерегиндеги махинациялар

2010-жылы президенттин аппаратынын мурунку жетекчиси Эмильбек Каптагаевдин уулу ажылыкты уюштуруу тобунун мүчөсү болуп дайындалган. Ажыга бара тургандарды каттоо учурунда «мыйзамсыз түрдө» акча алган деп айыпталган.

Бул маселени иликтөө үчүн депутаттар атайын комиссия түзүшкөн.

Иликтөөнүн жыйынтыгында, Эмильбек Каптаганевдин милдетинен четтетилиши жөнүндө сунуш киргизилген.

Редактор: Улугбек Акишев

Автор: Раим Досункулов