Ошто эң бийик имараттын каркасы курулду

Оштогу 16 кабат үйдүн курулушу пландалган бийиктикке жетти – эми анын чатырын жабуу жана шыбоо, актоо иштери калды. Шаардын эң бийик имаратындагы үйлөр 2010-жылы этникалык коогалаңда жабыр тарткандарга берилет.

Жаңы үйдүн бийиктиги 52 метр. Эки көчө ылдый жайгашкан, мурунку рекордсмен имараттан төрт кабат бийик болду.

Имарат 60 бир бөлмөлүү, 34 эки бөлмөлүү жана 32 үч бөлмөлүү квартиралардан турат.

Бул имарат 2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндө болгон этникалык коогалаңдан кийин түзүлгөн Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын каражатына курулуп жатат.

Имараттын курулушу 146 миллион сомду түздү.

Жаңы 16 кабаттуу үй Ош шаарынын борборунун түндүк бөлүгүндө жайгашкан — ал жерде мурун авто тетиктерди сатуучу базар болчу.

Мамдирекциянын маалыматы боюнча имараттын алдында авто унаа токтотуучу жай, дарыкана, дүкөн жана медициналык жардам көрсөтүүчү борбор да болот. Мындай үй Ошто алгачкылардан болуп курулду.

«Ош шаарында калк абдан көп, ал эми территория аз. Ошондуктан, үй салуу үчүн жер тилкелерин бербестен, көп кабаттуу, бийик имараттарды куруу рентабелдүү жана максатка ылайыктуу болмок», — дейт мамдирекциянын басма сөз катчысы Рустам Улуков.

Жаңы имараттагы жалгыз көйгөй лифт болушу мүмкүн, анткени Ош шаарында лифттерди тейлөө боюнча кызмат жок, дейт мэрия.

«Биздин шаарыбызда лифттерди тейлөө кызматы жок , ал эми лифтсиз бул имаратты эксплуатациялоо мүмкүн эмес», — дейт Ош шаарык мэриясынын курулуш, муниципалдык менчикти башкаруу жана туризимди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберди Айылчиев.

Буга чейин Ош шаарында эки имаратта гана лифт бар болчу. Бирок тилекке каршы, алар да иштебейт, деп Айылчиев кабарлады.

Жабыр тарткандарга берилет

Бийлик өкүлдөрү имаратты иштетүүгө 2012-жылдын күз айларында тапшырууну пландаштырып жатышат.

Курулуш иштери бүткөндөн кийин, имарат Ош шаарынын балансына өтөт. Андан соң 2010-жылда Кыргызстандын түштүгүндөгү кыргыздар менен өзбектердин ортосунда болгон этникалык коогалаңда жабыр тарткандарга берилет.

Мамлекеттик дирекциянын маалыматы боюнча, этникалык коогалаңдан жабыр тарткандар үчүн жалпы саны 528 квартирадан турган 11 көп кабаттуу үй салынып бүттү.

Бийлик өкүлдөрү мындай үйлөрдө кыргыздар менен өзбектерди бирге жайгаштырууну ойлошкон.

Бирок, өткөн жылдагы «Кньюс» кабар агенттигинин иликтөөсүнүн жыйынтыгында, эки улуттун өкүлдөрү ар башка үйлөрдө жайгашууну каалагандыгы аныкталган.

Имараттарды, үйлөрдү куруу Ош шаарынын инфраструктурасын жаңылоо процессинин алкагында жүрүп жатат.

Бирок, бардык эле курулуш объектилери жакшы пикирге татыбады. Ош шаарынын кире беришинде орнотулган Манастын айкели 30 миллион сомго курулгандыктан интернет колдонуучулардын арасында катуу сынга алынган.

Авторлор: Бектур Искендер жана Наталья Секерина

Сүрөттүн автору: Суербек Аманов

Которгон: Айсулуу Кокоева