Эм-ти-ви каналы эми Кыргызстанда көрсөтүлбөйт

Популярдуу музыкалык каналды трансляциялоо 1-апрелден баштап токтотулду. “39-каналда” “Эм-ти-ви Россияны” ретрансляциялап жаткан “Европа” медиа тобу музыкалык канал кызматташуусун “саясий туруксуздуктан” токтотту деп маалымдады.

«Европа» медиа тобу «39-канал» аркылуу «Эм-ти-ви Россия» каналын Кыргызстанда ретрансляциялап келген жалгыз компания болуп эсептелинет.

«Европа» медиа тобунун жетекчилиги Эм-ти-ви каналы Борбор Азия территориясында трансляциялоосун токтотуу чечими бир жыл мурда эле кабыл алынган дейт.

Кыргызстандагы «саясий туруксуздук» жана «элдин менталитети» каналды берүүнү токтотуунун негизги себеби, дейт жетекчилик.

«Элдин менталдыгы» деп эмнени айткысы келгендигин тактаган жок.

Эми «39 каналдын» эфирдик убактысында орусиялык «СТС» телеканалынын берүүлөрү көрсөтүлөт.

«Бизге чейин Кыргызстанда [«СТС»каналын] көрсөтүүгө эч кимдин расмий укугу жок эле. 1-апрелден баштап биз «СТС» телеканалынын расмий версиясын толугу менен көрсөтө баштайбыз», — деп «Европа» медиа тобунун жетекчиси маалымдады.

Кабелдик телеберүүлөрдө да Эм-ти-ви каналы көрсөтүлбөйт

«Ала-ТВ» кабелдик телеберүүсүнүн маалымат борборуда «эки жумага жетпей» Эм-ти-ви каналын көрсөтүүнү токтотоорун маалымдады.

Маалымат борборунун оператору Саида Мавлянованын айтымында, музыкалык канал 2012-жылы кызматташуусун токтоткон. Келишим эмне себептен жокко чыгарылгандыгын тактаган жок.

«Долон-ТВ» кабелдик телеберүүсү Кыргызстанда Эм-ти-ви каналынын токтотулгандыгынан кабардар эместигин айтты. Оператордун айтымында, Эм-ти-винин трансляциялоосу «штаттык режимде» жүргүзүлө берет.

Эм-ти-винин Москва шаарындагы кеңсесинин катчысы, каналдын жетекчилиги Борбордук Азия аймагында берүүлөрдү токтотуу маселесин талкууга алат, деп кабарлады. Жетекчиликтин отуруму качан болоорун тактаган жок.

Компетенттүү адамдын жоктугуна шилетеме жасап, калган суроолорго жооп берүүдөн баш тартты.

Эм-ти-ви Россия каналы өз ишин 1998-жылы баштаган. Телеканалдын расмий сайтындагы маалыматка таянсак, каналдын негизги көрүүчүлөрү 11 жаштан 34 жашка чейинкилер түзүп, Орусия менен КМШ мамлекеттери боюнча жалпысынан 40 миллион күйөрмандары бар.

Авторлор: Юлия Бессмельцева жана Дмитрий Сагайдак

Редактор: Эльдияр Арыкбаев

Которгон: Айсулуу Кокоева