Ошто балдар аянтчасы талашка түштү

Ош шаарынын «Батыш» районунун №20 көп кабаттуу үйүнүн балдарын коңшу 21-үйдүн мурдагы башчысы ойноо аянтчасына киргизбей жатат. Башчынын айтымында, селкинчек сынганына байланыштуу балдарды киргизбей койгон.

Атын атагысы келбеген №20 үйдүн тургуну балдар аянтчасынын айынан чыр –чатак болуп жатканын кабарлады.

«№ 21 көп кабаттуу үйдүн башчысы №20 үйдүн балдарын, балдар аянтчасына ойнотпой жатат. Силер өзүңөр башка аянтча кургула болбосо тазалашкыла деп, жаңжал чыгарып жатат. Биздин балдар тазалашып эле жатат. Алардын машинасы биз жакта турат», – дейт жашоочу.

№21 көп кабаттуу үйдүн мурдагы башчысы Жумакан айым балдарды мурун киргизбей койгонун мойнуна алды.

«№20 үйгө башка аянтча курат. Алар кагаздарды таштап койуп жатат. Биз тазалап жатабыз. Булгасаңар кирбегиле дегеним чын. Бирок мен домком эмесмин [...]. №20 үйдүн балдары ойноп жатат. Мурун бир селкинчеги сынып калган. Ошондо киргизбегеним чын», – деди мурдагы үй башкаруучусу.

Аталган үйлөр «Керме – Тоо» конушунун курамына кирет. Конуш кеңешинин башчысы Нышанбай Кумбашов, Жумакан айымдын балдарды киргизбей коюууга укугу жок экендигин маалымдады.

«Аны киргизбей койгонго акысы жок. Өзү курган жок да. Бул элдики. Мэрия куруп берди го», – дейт Кумбашев.

Чындыгында селкинчек сынып аны оңдогондугун Кумбашев тастыктады.

Бул балдар аянтчаларын Ош шаардык мэриясы 2011-жылы курган. Жалпысынан 80 аянтча курулуп, 15 милион сом каржыланган.

Сүрөттүн автору: Акмарал Сатинбаева