Ош шаардык мэриясы байгелүү номинациялар менен тургундарды ишембиликке тартууда

Ош шаардык мэриясы тургундарды ишембиликке тартуу максатында «мыкты көчө», «мыкты мектеп» сыяктуу 12 номинация жарыялап, акчалай байгелерди койду. Окуучу жана студенттер мындай демилгеге эки жаат пикирде.

Ош шаарынын мэриясынын шаардык чарба, транспорт жана коммуникация бөлүмүнүн башчысы Урали Раманов тургундарды ишембиликке тартуу үчүн атайын номинация жана байгелер каралганын айтты.

“Байгеге деп 400 миң сом каралып жатат. Анан кийин бул жерде атайын токтомдун негизинде комиссия түзүлөт. Алар үч ай айлык өткөндөн кийин текшерип келет. Ал жерде бир эле мектеп эмес, мыкты аймактык кеңеш, мыкты көчө, мыкты балдар бакчасы сыяктуу 12 номинация боюнча сыйлыктар коюлат», – деп маалымдады Раманов.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын орун басары Абдыкалык Акжолов ишембиликтерге жогорку класстын окуучулары активдүү катышып жатканын маалымдады.

«Акчасын биз билбейбиз аны мэрия чечет. Биз келе жаткан ишемби күнү 400 окуучу менен, Сулайман-Тоодогу дарактарды актайбыз. Жума күнү мектептин ичин тазаласак, ишемби күнү сыртына көчөт эгебиз. Эң негизгиси буга жогорку класстын окуучулары гана катышат», – дейт Абдыкалыков.

ОшМУнун студенти Надира Мирзакамалова мэриянын мындай демилгесин колдобогондугун айтып, ар бир тургун акча үчүн эмес, шаар үчүн ниеттенип иштеш керек деген пикирн ортого салды.

“Мен муну сизден уктум. Бирок менин оюмча, бул ар бир адамдын өзүнөн. Мисалы жүрөгү тартса, ошо шаарыбыз таза болуш керек деген үмүтү болсо,албетте бул таасир этет. Бирок мен студент катары муну колдобойм”, – деди Надира

Ал эми Нариман атындагы орто мектебинин 8-классынын окуучусу Асел Бердибекова жарыяланган байгелер иштин жакшы жүрүшүнө өбөлгө болот деген ойдо.

«Бизде негизинен ишембиликтер бөлмөнүн ичинде болот. Эшикте көчөттөрдү эгип жатабыз. 1500 байге берилет деп эч ким айтпады мен укпадым. Мындай байгелер иштин жакшы жүрүшүнө жардам бериши мүмкүн. Элдер жакшы иштеши мүмкүн. Бизде мисалы кээ бирлери ишетеп, кээ бирлери иштешпейт. Аны укса жардам берет, баары иштейт», – дейт мектеп окуучусу.

Сүрөттүн автору: nashevremya