Чоң-Алай: жазгы ала-шалбырттан Кокон доорунун дубалы урап түштү

XIX кылымдын дубалынын бир нече бөлүгү кышында жааган кардын эришинин айынан бүлүнүп калган. Ал бүгүнкү Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу жерде жайгашкан Кокон хандыгында, коргонуу максатында курулган чеп катары пайдаланылчу.

1840-жылда курулган бул дубал апрелдин алгачкы күндөрүндө жанындагы топтолуп калган кар аз убакыттын ичинде эрип кеткендигинен бир топ зыянга учураган.

Бүлүнгөн дубалдын жанындагы кардын бийиктиги эки метрге жеткен болчу дейт, жергиликтүү «Чоң-Алай жаңырыгы» гезитинин редактору.

Анын айтканы боюнча топурактан тургузулган дубалдын 25 метри ураган, ал дубалдын периметринин үчтөн бирин түзчү.

«Каерде кар көп жааган болсо — дубалдын ошол жери көп сууну сиңирип алган, ошонун айтынан кар эригенде эле дубал урап түштү», — деп түшүндүрөт Маширапов.

Дубал үстүнөн караганда бир жагынан кире бериши бар, туюк үч бурчтуктай болчу.

Машираповдун сөзү боюнча дубалдын батыш тарабы көп кыйроого учураган.

Кулдатка коргону

Тарыхый курулуш Ош облусундагы Чоң-Алай районуна караштуу Дароот-Коргон айылында, Ош шаарынын түштүк-чыгышынан300 километралыс жайгашкан.

Ал Кокон хандыгы тарабынан коргонуу максатында курулуп, ошол учурдагы Кулатка аттуу аскер башчысынын атынан аталып калган.

Кийинчерээк бул дубал Россия Империясынын аскерлери менен тирешүү маалында пайдаланылган дейт Ош мамлекеттик университетинин тарыхчысы Чыныкан Сатыбалдиева.

Сатыбалдиеванын сөзү боюнча дубалдын кулашына анын көптөн бери мал базардын территориясына тийиштиги бардыгы да таасир берген.

«Бул жер — биздин тарыхый мурасыбыз, бирок буга эч ким көңүл бөлбөйт. Жергиликтүү калк да көңүл бөлгөн эмес, анан жашоочулар дубалды буза берген», — дейт Сатыбалдиева.

«Заман-Кыргызстан» гезити дубалдын аянычтуу ахыбалы жөнүндө 2009-жылы эле жазган — басылманын жазганына караганда ошол эле убакытта ал өзүнүн баштапкы узундугунун үчтөн бир бөлүгүн жоготкон болчу.

Басылма ошондой эле жашоочулардын тарыхый курулушка кайдыгерлигин белгилей кеткен.

Реконструкциялоонун мүмкүндүгү

Журналист Маширапов дубалга эч ким көз салбагандыгын айтат.

«Октябрь революциясынан кийин бул дубал кароосуз калган, ал эгин сактоочу кампа да болду. Дубал маал-маалы менен бузулса да аны кайра калыбына келтирип турушкан», — деп айтып берди Маширапов.

Дароот-Коргондун жашоочусу жана Чоң-Алай районунун жаштар кеңешинин төрагасы Алтымыш Акимов дубалдын урашы жаштар арасында талаш-тартыш жаратты дейт.

Анын сөзү боюнча активисттер урап калган бөлүктү жай айларында калыбына келтиришет.

«Биз жаштардын башын бириктирип дубалды кайра тургузушубуз керек. Калайык-калк бул кырдаал боюнча тынчсызданып жатат, ушул жаздын ичинде дубалды калыбына келтиребиз», — деп сөз берет Акимов.

Маширапов Кулатка коргонуна илимий чөйрөдө абдан аз көңүл бурулчу деп кайгырууда.

«Эч кандай мамлекеттик деңгээлдеги экспедиция болгон эмес. Илимпоздор гана келип кетишчү, бир да жолу археологиялык жана этнографиялык изилдөө болгон эмес», — дейт журналист.

Чон-Алай районунун акими Азиз Аширалиев «Клоопко» комментарий бергенден баш тартып, убакытынын тардыгын айткан.

Авторлор: Кадича Рыскулова жана Бектур Искендер

Которгон: Айсулуу Кокоева