Ошко жакын айылдагы үйгө чагылган түштү

Кара-Суу районуна караштуу Кайрагач айылындагы үйгө 6-апрелде түнкү саат 00:30 чагылган түшкөн. Чагылган үйдүн алдын жана эшиктеги бетондорду тешип кеткен. Үйдүн кожоюндары азыркыга чейин шок абалда.

Чагылган түшкөн үйдүн ээси Асан Турдубеков эмне болуп кеткенин түшүнбөй, өрт чыгып кетет деп корконунан дароо балдары менен сыртка чуркап чыккандыгын айтты.

Үйдүн кожойкеси Патилла Аманова азыркыга чейин өзүнө келе албай, түнкү окуяны «кыямат» менен салыштырып жатат.

«Апам стересске кабылып, сүйлөшүн да билбей калыптыр. Атам бир бутун кокустатып алыптыр. Жыгылганын билбейт же чагылган тийгенин билбейт», — дейт кызы Гүлбарчын.

Кошунасы Сановар Эргешова, түнүчүндө жолдошу менен келип өз үйүнө алып кеткендигин айтып берди.

“Машинага салып, үйгө жеткиздик. Свет да жок, телефондор да өчүк эч жакка байланыша алган жокбуз”, — деп кейиди Санавар.

Кайрагач айылынын башчысы Жаңыбай Абылов, чагылган түшкөн учурда светтин жок болуп калгандыгына кубанат.

«Каттуу шамал чагылган болуп түштү. Чагылган экиге үчкө бөлүнүп кеткен[…]. Мындан мурун болгон эмес. Биринчи жолу болушу. Дагы светти өчүрүп койгон. Эгер өчүрбөгөндө, подстанциясы дагы баардыгы күйүп кетмек», — дейт айыл башчы.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигини басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов чагылган түшкөн учурда уюлдук телефон сыяктуу техниканы колдонуудан алыс болуу керектигин айтты.

«Чагылганды божомолдоп айтыш кыйын. […] Адамдарды өлтүрөт. Былтыр дагы үч киши өлгөн. Сотканы жашырыш керек. Телевизорду жашырыш керек», — деген кеңешин айтып өттү басма сөз катчы.