Бишкекте жаш балдарды зордуктагандыгы боюнча шектүү адам кармалды

Милиция «Аламедин-1» кичи районунда жаш балдарды зордуктады деп шектелген адамды кармаган. ИИМдин маалыматы боюнча шектүү делген адам кылмыш жасап жаткан жеринен кармалган.

Шектелген зордукчул «Аламедин-1» кичи районундагы курулуп жаткан үйлөрдө 6-8 жаштагы кызды зордуктап жаткан жеринен милиционер тарабынан кармалган деп билгизет ИИМдин басма сөз кызматы.

Эркектана кызды зордуктап жатып бетке уруп жаткан деп айтылат министрликтин пресс-релизинде.

Милиция айыпталуучунун изине кордолгон кыздын курбусунун жардамы аркылуу түшкөн.

Атын айтпаган милиция кичи райондун көчөсүндө ыйлап келе жаткан секелек кызды көргөн. ИИМдин айтуусу боюнча кыз милицияга курбусун бир эркек эрчитип кеткенин айтып берген.

Шектүү адам кармалып, шаардык №9 милициялык бөлүмгө жеткирилген.

Ал “Аламедин-1” кичи районуна катарлаш Лебединовка айылынын 36 жаштагы тургуну экендиги аныкталды.

Шектелүүчү аны камоо убагында каршылык көрсөтүп, милиция кызматкеринин оң колун сындыргандыгын ИИМ билдирди.

Ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан Кыргызстандын кылмыш кодексинин 133-статья — “Бузукулук кылуу аракеттери” жана 28-129-“Зордуктоого аракет кылуу” деген статьялар боюнча кылмыш иши козголгон.

Балдарга жардам берүү борбору 2011-жылдын башынан бери Кыргызстанда балдарга карата зордук-зомбулуктун 110 жолу болгонун каттаса, алардын ичинен 8и жыныстык кордоого кириптер болушкан.

«Бул биздин гана статистикабыз боюнча. Бизге жетип, жардамга кайрылгандар. Анан дагы бир факт бизди капа кылат, эгер бала бир жолу жыныстык жактан зордукталса бир нече убакыт өткөндөн кийин экинчи жолу да андай ишке кабыл болушу мүмкүн», – дейт борбордун социалдык кызматкери Айзада Көкүлова.

Буга чейинки, кызды зордуктоого байланыштуу чуулгандуу иш Бишкекте 18-мартта катталган. Анда «Арча-Бешик» конушунда 8 жашар кыз зордукталып өлтүрүлгөн.

Ал иш боюнча милициялар500дөн ашык адамды сурак кылып, кылмышкерди таба алышкан жок.

Автор: Раим Досункулов

Которгон Айсулуу Көкөева