Футбол: «Дордой» Кыргызстандын Суперкубогун утуп жатат

Бишкектик «Дордой» эки матчтан турган каршылашууда канттык «Абдыш-Атаны» жалпы 5:1 эсеби менен утуп алып, Кыргызстандын Суперкубогун жеңип алды. Дубль жасаган бразилиялык Жанкарлос Израэль «Дордой» 2:0 эсеби менен уткан жооп иретиндеги матчтын баатыры болуп калды.

Жооп иретиндеги матчта эки гол тең экинчи таймда алмашылып чыккан «Дордойдун» бразилиялык жарым коргоочу Жанкарлос Израэль трабынан кийирилген.

Биринчи голду Израэль аянтчага чыккандан кийин 2 мүнөт өткөндө – 78-мүнөттө киргизди, ал топту Вадим Харченкодон алып, штрафтык зонадан дарбазанын астыңкы оң бурчуна урду.

Жети мүнөттөн кийин бразилиялык оң флангда «Абдыш-Атанын» эки коргоочусун утуп алып, 20 метрден так уруп, дубль жасады.

Кубокту алуу үчүн мелдешип ойноо биринчи жолу эки матчтуу каршылашуу менен өттү. Биринчи матч Кантта 31-мартта ойнолгон. Аны конокко келген «Дордой» 3:1 эсеби менен жеңген.

«Дордой» жооп иретиндеги матчтын алдында ыңгайлуураак абалда болуп, биринчи дарбазачы Владислав Волковду негизги составга киргизбей, башкы коргоочу Девид Теттени отургучта калтырып койду.

Матч Павел Матяштын дарбазасына «Абдыш-Атанын» чабуулдары менен башталды.

Биринчи мүнөттөрдө канттыктардын коргоочусу Антон Землянухин штрафтык сызыгынан дарбазага чукул урду, бирок Матяш чочубастан коркунучту жеңип кетти.

Землянухин он экинчи мүнөттө «Дордойдун» дарбазасына топту тээп жиберди. Бирок линиялык арбитр «абдыш-аталык» коргоочунун уруусуна чейин абалды оюндан сырткары деп чечип койду.

Коноктор демилгени биринчи тайм бою алып жүрүп, аянтчанын ээлерине өзүнүн штраф кыркасынан чыгарышкан жок. Бирок топко ээ болуу артыкчылыгы бишкектик команданын дарбазасына гол киргизүүгө алып келген жок.

Биринчи таймдын аягында «Дордойдун» коргонучу жасалма офсайдды түзгөнү жетишпей, «Абдыш-Атанын» чабуул кылган жарым коргоочусу Сергей Клеутин дарбазачы менен бетме бет чыккан, бирок дарбазага тийген жок.

«Дордой» демилгени өз колуна алды

«Дордой» экинчи таймда демилгени өз колуна алып, оюнга чыккан Израэлдин эки голу бишкектиктерге жаңы сезондогу биринчи олжолуу болду.

«Дордой» жаңы сезонго учурдагы Кыргызстандын чемпиону болуп чыгып жатат.

Матчтагы фоторепортажды бул жерден көрсөңүз болот

Борбордук клуб 2004-жылдан бери 2010-жылы гана турнирдик таблицада Кочкор-аталык «Нефтчиге» бул наамды колунан алдырып ийген.

«Абдыш-Ата» кылымдын башынан бери Кыргызстандын эң мыкты клубдарынын бири. Бирок азыркы убакытка чейин анын коллекциясында Кыргызстандын Кубогунун олжолору эле болгон – Канттын командасы бир да жолу чемпионатты утуп көрө элек.

Учурдагы вице-чемпион «Нефтчи» каржылоо маселесинин айынан сезондордун ортосунда өзүнүн жашоосун токтоткон. Ошондуктан Суперкубоктун катышуучулары жалгыз болбосо да, лигада чемпиондукка негизги талапкер болуп саналат.

Редактор: Эльдияр Арыкбаев

Автор: Төлөгөн Шаршеев

Которгон: Айсулуу Көкөева