Көзү азиздер үчүн светофорлор бишкектиктердин нааразылыктарынын айынан акырыныраак болушат

Мэрия көзү азиздер үчүн светофорлордун үнүнүн бийиктигин нормага жакындатып 20 децибелге чейин азайтат. Бул светофорлордун жанында жашаган бешкектиктер «чыйылдаган жана сиренага окшош» үндөргө арызданып жатышат.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынын катчысы Актан Сапиянов угуу жана көрүү боюнча майыптар үчүн орнотулган светофорлордун үнү 80 децибелден 60 децибелге чейин азайтыла турганын айтты.

Светофорлор баштапкы жасалышында 80 децибелге чейин үндүү билдирүү коюлган.

Сапиянов Москва-Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан светофорлорго арыздар түшкөнүн айтты.

«Азыркы учурда санэпидемстанциянын кызматкерлери жана азиз жана дүлөйлөр коомунун өкүлдөрү менен бул жабдууларды кайрадан оңдоп иштетүү боюнча сыноо жумуштары жүргүзүлүп жатат», – дейт Сапиянов.

Өткөн жумада Бишкектин монтаждоо башкармалыгы светофорлордун үнүн 64 децибелге чейин төмөндөттү.

Санэпидемстанциянын башкы врачынын орун басары Султан Абдыкадыров адамдар отурукташып, жашаган райондор үчүн 60 децибел – норма экендигин маалымдады.

«Келгиле, унааларга тыюу салалы — алардыкы [үнүн бийиктиги] беш децибелге ашышат. Бардык борбордук жолдор беш децибелге ашык», — деди Абдыкадыров.

Салыштыруу үчүн башкы врачтын орун басары кафеде чуру-чуунун деңгээли 70-80 децибелге чейин ашып кетээрин айтып кетти. Машинанын үнү нормадан беш пунктка жогору чыгат – 65 децибел.

Адамдын кадимки кептешүүсү – 50-60 децибелди түзөт.


«Дизелчилердин» пикирлери

«Дизель» форумунун колдонуучулары көзү азиздерге үндүү сигнал менен светофорлордун кереги жок деген ойдо.

«Бул жакта көзүң көрүп турса да, жолдон өткөнгө жетишпейсиң, а көзү сокурлар эмне болсо да жетишишпейт!!! Жеткенче – кызыл түс жанып калат. Чындап келгенде, алар жалгыздап жүрүшпөйт», — дейт форумдун колдонуучусу Zazor жазат.

Башка колдонуучулар светофорлорго позитивдүүрөөк карашат:

«Азиздер деле бешкалардай эле адамдар, алардын өздөрүнүн иштери бар, алар кыймылдашы керек.
Мындай сигналдарды орнотуу – бул жакшы», — деген ойдо Gregorian.

Азиздердин жана дүлөйлөрдүн коому комментарий бергенден баш тартты.

Марттын аягында борбордук бийлик азиздер жана дүлөйлөр үчүн үндүү сигналы бар 13 светофорду Бишкектин жол кесилиштеринде орнотууну чечкен.

Редактор: Эльдияр Арыкбаев

Автор: Alexandra Li

Которгон Айсулуу Көкөева