«Кумтөрдө» жумушчулардын февралдагы көтөрүлүшүнүн айынан алтынды өндүрүү 40 пайызга кыскарат

Февраль айындагы жумушчулардын көтөрүлүш чыгарып жаткан маалында «Кумтөрдүн» кен казылып жаткан түштүк-чыгыш бөлүгүндө кар топтолуп калган. Бул алтын өндүрүүнүн азайышына себеп болушу мүмкүн. Кыргызстандын тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын президенти бюджетке түшүрүү үч миллиард долларга кыскарышы мүмкүн дейт.

«Центерра Голддун» алдын ала айтуусу боюнча алтынды казуу 40 пайызга азайып, бул пландаштырылган 625 миңди эмес, 390 миң унцийди түзүшү мүмкүн деп билдирген «Ассошиэйтед пресс» маалымат агенттигине.

2012-жылдын февралындагы жумушчулардын көтөрүлүшү түшкөн музду жана жыйналган мусорду тазалоону кыйындаткан.

«Кумтөрдүн» басма сөз катчысыСергей Дедюхин 2012-жылдын февраль айындагы жумушчулардын иш ташташы алтындын казылышына «катуу таасир берди» деп билдирди.

«Бул жылы алтынды каза турган жер мөңгүнүн астында, мына ошол жерден муз жылып жатат. Демек музду албай туруп казуу – коркунучтуу», – дейт Дедюхин.

Компаниянын басма сөз катчысы муздан тазаланып жаткан жер 2014-2015-жылы иштетилет деп билдирди.

Анын сөзү боюнча алтынды казып алуу иштери учурда карьердин түштүк-батыш жагында жүрүп жатат.

Кыргызстандын тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын президенти

Орозбек Дуйшеев күндүн жылышы менен алтын казылуучу участоктогу мөңгүнүн жылышы «тезирээк» кыймылдап жатат деген.

Дюйшеев ассоциациянын мүчөлөрү менен инженердик чечимге келип, мөңгүнү үстүнөн жардырып жана түштүк-чыгыш участогун тазалай тургандыгын билдирген.

Анын сөзү боюнча алдын ала айтканда алтынды казып алуу 7-8 тоннага азайып, анын айынан Кыргызстандан бюджетине 2,5-3 миллиард сом, жана Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна төгүлчү үч миллион доллар түшпөй калат.

Дюйшеев 2013-жылдын аягында участок толугу менен тазаланып, алтынды казып алуу кайрадан жанданат.

Кыргызстандын өкмөтү «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» негиздөөчүсү жана жүз пайыздык ээси болгон канадалык «Центерра голд» компаниясынын акциясынын 33 пайызына ээ.

«Кумтөр» 2011-жылы18-тоннаалтын казып алган, ал эми мамлекеттин бюджетине 8,1 миллиард сом төгүшкөн. Бул мамлекеттин ИДПсынын 10 пайызын түзөт.

«Центерранын» билдирүүсүндө жумушчулар менен мындай талаш-тартыштар өндүрүшкө жана өндүрүштүк максаттарга чоң таасир кылышы мүмкүн деп эскертип жатат.

Редактор: Улугбек Акишев

Автор: Любовь Шевченко

Которгон: Айсулуу Көкөева