Мэрия: троллейбустарда вай-фай орноштурууну сунуштаган компаниянын «дайыны чыкпай» калды

Бишкектин мэриясы шаардык троллейбустарга вай-фай орнотууну сунуштаган «Тезком» компаниясы бир айдан бери байланышка чыкпай жатат. «Тезком» кырдаалды комментарийлөөдөн баш тартууда.

Троллейбустук башкармачылыктын башчысы Геннадий Милицкий коомдук транспортко зымсыз Интернетти орнотуу боюнча сунуштан башка «иш ордунан жылган жок» жана компаниянын «дайыны чыкпай калды» деп билдирди.

Ал бир ай мурда – марттын башында «Тезком» транспорттук телеберүүсү шаардык бийликке муниципалдык транспортко вай-фай орнотууну сунуштаган деп айтты.

«[Орнотууну] сунуштагандан башка иш жылган жок, алар келип, келишим түзүп кетиши керек болчу, бирок алардын дайыны жок болуп кетти», – деди Милицкий.

«Тезкомдун» директору бул кырдаалды комментарийлөөдөн баш тартты.

«Тезком» мурда троллейбустук башкармачылык менен рекламаларды жайгаштыруу боюнча кызматташкан.

«Клооптун» 4-апрелиндеги«Бишкектин троллейбустарында акысыз вай-фай орнотулушу мүмкүн» деген макаласында шаардык бийликке троллейбустарда зымсыз Интернет орноштурууну сунуштаган белгисиз компания жөнүндө жазган эле.

«Новый репортер» басылмасы өзүнүн 9-апрелдеги маалыматында троллейбустагы вай-файлар жөнүндөгү макаланы «ушактар» деп, кыргызстандык провайдерлердин бир да «борбор шаардын транспортун вай-фай менен камсыздоону техникалык жактан пландаган эмес» деп жазган.

Бирок троллейбустук башкармачылыктын башчысы Геннадий Милицкий жана тендер жана сатып алуулар боюнча адиси Максат Иманкожоев – «Клоопко» берген интервьюсунда «Тезком» тарабынан вай-фай жөнүндө сунуш түшкөндүгүн билдиришкен.

Вай-файды орнотууну Европа мамлекеттеринин тажрыйбасына таянуу менен, жаштарды коомдук транспортту пайдаланууну жайылтуу үчүн пландаштырылган эле.

Зымсыз Интернет менен Россиянын, Германиянын, Англиянын жана Франциянын шаарларынын троллейбустары жабдылган.

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Айсулуу Көкөева