Бишкектин борборунда тез жардам унаасы жол тандабас менен сүзүштү

«Тойота РАВ-4» автоунаасы Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишинде филармониянын жанында сүзүшүп калды. Жабырлануучулар жок, милиция күнөөлүүлөрдү териштирип жатат. Кесилиште көзөмөлдөөчү камералар иштебеген.

Тез жардам автоунаасы «мигалка менен сиреналарды жандырып», кесилиштен кетип жатканда «Тойота РАВ-4» келип сүзүп калды дейт машинедеги дарыгер Ольга Луценко.

Луценконун сөзү боюнча, жол тандабас медициналык унаага «болгон ылдамдыгы менен урунган».

Эч ким жабыр тарткан жок, тез жардамдын ичинде оорулуу болгон эмес.

Луценко «Тойотанын» айдоочусу милиция кызматкери менен сүйлөшүп жатып, тез жардамдын машинесинин үнүн да, атайын транспорттун белгилерин да көрбөгөндүгүн айтты дейт.

«Клооптун» корреспонденттери жол тандабастын айдоочусу менен байланыша алган жок.

Айдоочулар жана алардын унаалары шаардык жол жүрүүнүн башкармачылыгына жеткирилген.

Мамлекеттик жол коопсуздук кызматынын күзөтчү кызматкеринин сөзү боюнча Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишинде көзөмөлдөөчү видеокамералар бар, бирок милицияда эч кандай видеожазуу жок, анткени ал кесилиштеги камералар иштебейт.

Кыргызстандын жол жүрүү тартибинин 3-статьясынын 1-беренеси боюнча оперативдүү жана атайын кызматтардын унаалары тапшырманы аткаруу маалында кесилиштердеги светофорлорго карабай өтө берсе болот.

Мындайда атайын транспорттун айдоочулары кызыл же көк түстөгү белги маягын жандырып алышы милдеттүү.

Авторы: Раим Досункулов

Фотосүрөттүн автору: Михаил Савочкин

Которгон Айсулуу Көкөева