Операторлор: уюлдук байланыш салыктардын жогорулагандыгына байланыштуу төрттөн бир бөлүккө кымбаттайт

Уюлдук байланыштын операторлору кирешеге болгон салыктын көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу кызматын кымбаттатышы мүмкүн. Бийлик салыктын эки пайыздан беш пайызга чейин көтөрүлүшүн тарифке таасир кылбайт деп эсептөөдө.

Сатууга салынган салык [ССС] өкмөттүн март айынын аягында кабыл алынган токтомдун негизинде көтөрүлөт 2012-жылдын июль айынан баштап,.

Уюлдук байланыштардын дээрлик баардыгы кирген ассоциация (УБА), мындай кадам уюлдук байланыштын тарифин 20-25 пайызга көтөрүүгө алып келет деп айтууда.

«Эгерде өкмөт салыкты көбөйтсө […], демек баардык операторлор кызматтын баасын көтөргөнгө даяр», – дейт ассоциациянын аткаруучу директору Айбек Баканов.

Бакановдун сөзү боюнча кызмат көрсөтүүгө салыктын көтөрүлүшү алты уюлдук оператордун: «Мегакомдун», «Билайндын», «Нексинин», «Фонекстин», «О!» жана «Сапаткомдун» тарифин көтөрүүгө алып келет.

Мамлекеттеги эң чоң эки оператордун бири «Билайн», комментарий берген жок, бирок компаниянын басма кызматы ошол эле, УБАнын позициясын карманаарын билдирген.

«Фонекс» болсо ассоциациянын мүчөсү болгону менен азырынча тарифти көтөрбөй тургандыгын билдирди.

Башка уюлдук байланыш операторлору бул тема боюнча комментарийлөөгө жеткиликтүү эмес.

Өкмөт уюлдук операторлордон сатуу боюнча салыкты жогорулатуудан бөлөк, кошумча наркка салык жана кирешеге да салыкты көбөйтүүнү караштырып жатат — мындай мыйзамдын долбоору учурда парламент тарабынан каралууда.

Экономика жана монополиялык саясат министрлигинин салык саясатынын бөлүм башчысы Кубан Айдаралиев жаңы салыктар тарифтердин көтөрүлүшүнө таасир болбошу керек дейт.

«Бизде салыштырмалуу атаандаштык базары түзүлгөн, баалар көтөрүлө турган болсо, мурдагы бааны карманган компаниялар жашап кетет. Деги эле баанын көтөрүлүшүнүн негиздүүлүгүн текшере коюу мүмкүнчүлүгү бар. Менин оюмча уюлдук байланыштын операторлору буга бара коюшпайт», – дейт Айдаралиев «Клоопко» берген интервьюсунда.

Министрдин экспертиуюлдук операторлордун өтө көп кирешесине салыкты көтөрүп коюу зарыл деп эсептейт.

«Биз үчүн салыкты көтөрүүнүн өлчөмү көп эмес, себеби алар абдан чоң кирешелүү компаниялар болуп эсептелишет», – дейт Айдаралиев.

Кыргызстанда акыркы жолу уюлдук байланышка баанын чукул көтөрүлүүсү 2010-жылдын башында болгон, анда бардык операторлор ар бир чалуу үчүн үстүнөн 60 тыйын кошушкан.

Анда алар аны расмий түрдө, жабдууну жаңыртуу үчүн деп түшүндүрүшкөн.

Баалардын көтөрүлүшү 2010-жылга, Курманбек Бакиевдин бийликтен кулашына чейин күчүндө болгон. Төңкөрүш маалында уюлдук байланышка кошумча төлөмдү алып таштоо нааразычылык билгизгендердин талаптарынын бири эле.

Төңкөрүштөн кийин жаңы убактылуу бийликтегилер кошумча төлөмдү тактан кулатылган президенттин уулу, атка минер Максим Бакиев киргизген деп күнөөлөшүп, уюлдук байланыштын операторлорун төлөмдү алып таштоого мажбурлашкан.

Автору: Любовь Шевченко

Редакторлор: Бектур Искендер жана Улугбек Акишев

Которгон Айсулуу Көкөева