Адвокат: Оштук наабайчыны уурулук кылды деген шектөө боюнча үч күн «кыйнашты»

Оштогу наабайчы Дильшат Набиджанов телефонду жана алтындарды урдоодо күмөн саналып, 30-мартта милиция кызматчылары тарабынан кыйноого дуушар болду деп жабыр тарткандын адвокаты Анна Бекмурзина маалымдайт. Милиция комментарий бергенден баш тартып жатат.

Адвокаттын айтуусу боюнча 30-мартта маскачан милициялар Набиджановдун үйүнө атырылып киришип, уюлдук телефонду жана алтын буюмдарды талап кылышып, сабашкан.

Андан соң милиция кызматкерлери наабайчыны боюнда бар аялы менен бирге белгисиз жакка алып кетишкен.

«Элестетсеңиздер, беш курал-жаракчан, килейген адамдар эле боюнда бар аялын түртө салып, ар-кайсы бөлмөлөргө кирип жатканын. Алардын бирөө ашканага кирип кетти. Ал учурда Дилшат колун жууп жаткан. Аны жылаңаяк бойдон кармашып, аялын кошо алып кетишкен», — дейт адвокат.

Оперативниктер наабайчынын үй-бүлөсүн телефонду кайтаруусун талап кылып, белгисиз жертөлөдө үч күн кармашкан. Аялдын ден соолугу начарлай түшкөндүгүнө байланыштуу 31-марттын кечинде кое беришкен дейт юрист.

Соодагердин үйүн тинтишкенде анын үйүнөн тапанча табышкан. Бирок адвокат Бекмурзина ал тапанча наабайчы аялы экөө камалоодо болгондо үйүнө таштап кетилген деп эсептейт.

«Аялы Оштун облустук прокуратурасына кайрылып: жолдошумду таап бергиле деген. Алар: бул сенин эриңби, эгер бирөөгө айта турган болсоңор, биз аны камайбыз, себеби силердин үйдөн тапанчаны таап алдык дешкен», — деп айтып берди Бекмурзина.

Учурда Набиджановго карата али дайыны жок алтын буюмдарды жана уюлдук телефонду уурдоо боюнча кылмыш-жаза иши козголгон. Наабайчы уурдоого катыштыгы бар экендигин моюнга албай жатат.

Бул ишти тергеген Ош облусунун ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Жоомарт Кушбаков окуяны комментарийлөөдөн баш тартты.

Бирок ага жалпы маалымат каражаттарына эч нерсе айтпоосу боюнча буюртма келгенин кошуп кетти.

Кыргызстандын укук коргоочулары мамлекеттик укук коргоо органдары тарабынан кыйноолор болуп жаткандыгын такай маалымдап келишет.

Эң талаш-тартыш жараткан окуя укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишине байланыштуу. Аны өкмөт 2010-жылдагы Кыргызстандын түштүгүндөгү жай айында болгон этникалык чыр-чатакта милиция кызматкеринин өлүмүнө тийиштиги бар деп күнөөлөшкөн.

Аскаров өзү болсо, эл аралык укук коргоочу уюмдардын, анын ичинде «Эл аралык амнистия» уюмунун колдоосуна ээ болуп, өзүнүн күнөөсүздүгүн айтууда жана камалган алгачкы күнүнөн баштап эле милициялар тарабынан оор кыйноолорго кириптер болгонун билдирүүдө.

Редактор: Эльдияр Арыкбаев

Автору: zarina abdurahman kyzy

Которгон: Айсулуу Көкөева