Бишкектин мэриясы убадасына карабай Ош базарынын бир бөлүгүн бузуп жатат

Шаардык бийлик өткөн жылы Ош базарын эки жыл бою бузбайбыз деп берген убадасын аткарбай, соодалоочу орундарды бузуп жатат. Ишкерлер шаардын мэрин жана Ленин районунун акимин кызматтан кетүүсүн талап кылышууда.

Ош базарынын ишкерлеринин көтөрүлүшчүлөр комитети шаардын мэриясынын менен территориясында жайгашкан Ленин районунун администрациянын иш-аракеттерине нааразычылык билдирүүдө.

Ишкерлер Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловго жана Ленин районунун акими Алтынай Өмүрбековага кызматтан кетүүсүнө 10 күн берди.

Соодагерлер парламент тарабынан өткөн жылдын мартында мэрия эки жыл бою соода жайларын бузганга укугу жок деген мораторийди кабыл алгандыгына таянышууда.

Көтөрүлүшчүлөр комитетинин мүчөсү Азиза Исмаилова эгерде ишкерлерге мурдагы ордунда иштөөгө мүмкүнчүлүк берилбесе, алар парламенттин имаратынын маңдайында митинг уюштураарын, ага 5 миң адам чогулаарын айтууда.

Укук коргоочу Назарбек Нышанов мэрия соодагерлерге муниципалдык базардын башка жерлеринен соода орундарын дайындап бермейинче соода орундарын бузбашы керек деп эсептейт.

Көтөрүлүшчүлөрдүн комитети болсо ишкерлер менчик базарлардагы орундардын кымбаттыгынан баш тарткандыгын айтышууда.

«Негизсиз талап коюулар»

Мэриянын басма сөз кызматынын жетекчиси Чинара Усупбаева ишкерлердин талабын «негизсиз» деп эсептөөдө.

Анын сөзү боюнча шаардын жетекчиси шардын генералдык курулушунун планын жетекчиликке алып жана ««Ош базары», «Беш-Сары», «Кыял» соода комплекстеринин территориясынын айланасындагы конфликттүү кырдаалдын түзүлүшү» жөнүндө токтомдун бардык пунктун аткарып жатат.

«Ушул эле токтомдун 2-пунктунда митингдерди, жүрүштөрдү жана пикеттерди өткөрүүгө мораторий көрсөтүлгөн», – деп кошумчалады ал, ишкерлердин токтомдун шартын аткарбай жаткандыгына көңүл буруп.

Ленин районунун акими Ош базарынын ишкерлеринин «жетегинде жүрө койбосун» айтып, кызматтан кетпесин билдирген.

«Алар [ишкерлер] менен бир нече жолу жолугушуу эч кандай майнап берген жок, себеби алар орундарын бошотуп, беш күндөн ичинде кетебиз дешкен, жада калса кепилдик катын да жазышкан, а бүгүн болсо кайра баш тартышып жатышат», – дейт Өмүрбекова.

Кайталанган акция

Көтөрүлүшчүлөр комитети өткөн жылы мартта, шаардык бийлик Ош базарындагы соода жайларын бузуп жатканда мэрди кетирүүнү талап кылышкан эле.

Анда Өмүркулов соода жайларын бузууга базардын айланасындагы бишкектиктердин арыздануусу себеп болууда деп айткан.

«Жергиликтүү жашоочулардын кайрылуусу боюнча мен жергиликтүү акимге базардын жанындагы көчөлөрдү иретке келтирүүсүн тапшырганмын. Ошондой эле базардын жанындагы алты жерде маршруткалардын аялдамасы кылып алышкан, мындай нерсе бир да цивилизациялуу жерде жок. Машиналар автовокзалдарга барышы керек», – деп түшүнүк берди шаардын мэри.

Авторлор: aleksey kim жана Светлана Пак

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Айсулуу Көкөева