Ошко жакын айылда биринчи жолу кичи ГЭС курулууда

Ош шаарында “Назар-Ош” коомдук фонду ГЭС куруу боюнча долбоордон 8 000 евро утуп алды. Фонддун маалыматында, 30 үй-бүлөнү жарыктык менен камсыз кылуучу курулуш аяктоо алдында турат

“Назар-Ош” кайрымдулуук фонду Озгур айылынын тургундарын жашоо шартын жакшыртуу максатында түзүлгөн.

ГЭСти куруу демилгесин КФнун башчысы Мендаим Раимова көтөрүп чыккан. Мындай сунуш менен ал Кыргызстандын түштүк аймагындагы кичи жана орто бизнести өнүктүрүү «Швейцарский барс» программасына кайрылган. Ал долбоорду кабыл алып 8 000 евро бөлүп берди.

Ушул фонддун орун басары Дүйшөн Муратовдун айтымында, берилген каражаттан тышкары ишкананын бюджетинен 1миллион сомдон ашуун сарпталган.

ГЭС шаардын четиндеги Озгур айылында аяктоо алдында турат. 20-апрелдин чамаларында ишке киришет. Раимованын айтымында, саатына 60-65 кВт кубаттуулуктагы электр энергия берилет. Бул жергиликтүү электростанциядан 10 кВтка аз.

Ошондой эле гидроэлектр станциянын ачылышы “40 адамды жумуш менен камсыз кылаарын” орун басар Муратов кошумчалады.

«ГЭСтин максаты өлкөбүздө болуп жаткан энергиялык кризистин алдын алуу. Микро ГЭС 30 үйгө чейин камсыз кыла алат[…]. Буга окшогон ГЭСтен дагы онду курайын деген ой бар. Эгер онду курсак 300-400 адамды жумуш орду менен камсыздай алабыз деп ойлойм”,–деп айтты Муратов.

ГЭСтин конструктору Абдисатар Досбаев долбоорго бөлүнгөн каражаттын жетишпестигин жана темирдин кымбат баада болушун маалымдады.

«Кыйынчылыктары темир кымбат болду[...]. Бул жетпейт, бул эки трубага да жетпейт.Бир трубанын 1 метри 2000-3000 миңден турат. Бул жерде 60 метрден ашык труба бар”,–деди Досбаев.

Жашоочулар ар кандай пикирде

Озгур айылынын тургуну Минакан Сасыкбаева мындай курулуштун кажети жок экендигин билдирди.

“Бул каналда алты ай суу келет жана алты ай суу токтойт. Анан 6 айга чейин иштебей турабы? [...]. Бизде бул күнгө чейин деле свет проблемасы болгон эмес”,–деп оюн айтты ал.

Ал эми Абибилла Эргешов өз айылында мындай гидроэлектр станция курулуп жатканына кубанычта жана жашоочу катары өз салымын кошкондугун айтып өттү.

“Озгур элине аз болсо да жардам болуп жатат. Башында келип оор нерселерди көтөрүшүп жардамдаштык”,–деп айтты Эргешов.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин маалыматында, Кыргызстанда жалпысынан алты ири жана чакан орто гидроэлектр станциялар 15тен ашат.

Авторлор: Алмазбек кызы Дамира, Бекжан кызы Аймээрим

Редактор: Айзат Шакиева