Укук коргоочулар: 13 жашар балдар үйүнүн жашоочусу убактылуу камоочу жайда мыйзамсыз камалган

Вознесеновка колониясындагы убактылуу камоочу жайда 13 жашар өспүрүм бир айдан бери камакта. Бирок ал жерде 14 жашка жеткендер гана отурушу керек дейт «Эркиндик үнү» укук коргоочу уюму. Сот болсо баланын жашы тактала электигин айтууда.

Красная речкадагы балдар үйүнүн тарбиялануучу өспүрүмүн «Эркиндик үнү» укук коргоочу уюму 10-апрелде Чүй облусундагы Вознесеновка айлында жайгашкан №14 тарбиялоочу колониядагы тергөө изоляторун текшерүү маалында табышкан.

Бал ал жерде бир айдан ашык – 3-марттан бери отурат. Ал 2-март күнү Бишкектеги Батыш автобекетинде түнкү саат экиде беш баладан турган топ менен уурулукка катышкан делип шектелүүдө.

Биринчи май райондук соту аны убактылуу камоочу жайга тергөө убактына карай эки айга отургузган.

«Эркиндик үнү» укук коргоочу уюмунун координатору Эльмира Эсенаманова бала камерада өзүнөн башка, бир топ улуу өспүрүмдөр менен отургандыгын айтууда.

«Биз камераны ачууну сурандык, ал жерде төрт бала отурган, алардын бирөөнүн жашы кичинекей көрүндү. Биз жашың канчада деп сурасак ал – 13тө деди. Биз өзүбүз да таң калдык. Документтерин сураштыра баштасак ал Красная речкадагы балдар үйүнөн качып кеткендигин, документтери тарбиялануучунун колунда экенин айтты», – деп айтып берди Эсенаманова.

«Клооптун» корреспонденттери Красная речкадагы балдар үйүнөн бала жөнүндө маалыматты биле алышкан жок. Себеби баланын аты-жөнү аталган эмес.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык кылмыш-жаза боюнча жоопко тартылуу 14 жаштан башталат.

Тергөөчү жашын моюнга алды, сот – жок

Балдар үйүнүн тарбиялануучусунун жашын тастыктаган документи жок, укук коргоочулар анын жашын баланын сөзүнө таянып эле айтып жатышат.

Бирок анын 13 жашар экендиги карактоо ишин изилдеген тергөөчү тарабынан да такталган.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун тергөөчүсүнүн расмий токтомунда бала кармалганда эле 1992-жылы туулгандыгын айткан. Бирок тергөөнүн жүрүшүндө өзүнүн жаш курагын алмаштырып, 1998-жылкы деп айткан, натыйжасында тергөөчү ушул айтканын туура деп эсептеген.

«Эркиндик үнү» укук коргоочу уюму мамлекет балдар үйүнүн жетимине «укук менен кызыкчылыкты коргоону камсыздай албай», өспүрүмгө адвокат сунуштабаган деп эсептейт.

Тергөөчү баланын жашын жете электигин айткандыгына карабай, өзүнүн колу бош эместигин айтып, адвокатын жолуктурбай жатат деп билдирет «Эркиндик үнү».

Биринчи май районунун соту Кымбат Архарова балага эки ай бою эркинен ажыратуу чарасы анын ким экендигин, жашын такташ үчүн кылынган арга болчу деген.

Ал кылмыштык-жаза кодексинин 110-статьясындагы – эгер кылмыш кылгандыгы боюнча шектелген адам 3 жылдан ашык кесилиши мүмкүн болсо, анын ким экендиги такталганча жашай турган жери жок болгондугуна байланыштуу убактылуу камоочу жайга отургузса болоруна таянууда.

Соттун сөзү боюнча өспүрүм дагы башка кылмыштарга катыштыгы бар деп бир нече жолу кармалган, анда да ал 1996-жылы туулган деп айтып жүргөн.

Архарова бала өзүн 13 жаштамын деп, аны кое бериши үчүн алдап коюшу мүмкүн дейт.

«Анын азыр эмне деп жаткандыгын ким билет, балким, аны эгер 13 жаштамын деп айтып көрсөң, алар сени соттой албайт деп үйрөтүп коюшкандыр», – дейт Архарова.

«Эркиндик үнү» тескерисинче – баланы башынан эле ага 20 жашта деп жазууга мажбурлашкан деп далилдешүүдө.

Өспүрүмдү убактылуу камоочу жайга анын жашы белгисиз болсо да, өспүрүм экени билинип турганына карабай отургуза берсе болобу?

Автору: Любовь Шевченко

Которгон: Айсулуу Көкөева