ӨКМнүн суучулары Чүй каналынын жанында жоголгон баланы таба албай жатышат

10-апрелдин кечинде Чоң Чүй каналынын жанында 7 жашар бала жоголгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги — карамагындагы суучулары менен биргеликте баланы эки суткадан бери таба албай жатышат.

Бала Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы, Чоң Чүй каналынын боюнда энеси менен баратканда жоголгон.

Энеси жакын жерде автоунаа оңдоп жатышкан улуу уулдары менен сүйлөшүп, алагды болуп калганда бала жоголуп кеткен деп билдирет Чүй ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматынын башчысы Карим Аманкулов.

Аял жана анын улуу уулдары жоголгон баланын ак бейсболкасын ЧЧКда көрүшкөнүн айтышууда.

Баланы издөөгө Чүй ИИМинин атайын тергөөчү тобу жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары менен суучулары издеп катышууда.

«Өкүнүчтүүсү, издөө эч кандай жыйынтык берген жок», — дейт ӨКМнын басма сөз катчысы Абдушарип Бекилов.

Милиция жана ӨКМ баланын туулган жылы боюнча түрдүү маалыматты беришүүдө — биринчиси баланы 2004 жылкы десе, экинчиси 2005-жылкы дешүүдө.

Жоголгон баланын ата-энеси ЖМКнын өкүлдөрүнө маалымат бергенден баш тартышууда.

Акыркы эки жыл аралыгында ЧЧКда аз дегенде эки бала чөккөн. ӨКМнын билдирүүсү боюнча 2010-жылы июнь айында 12 жашар бала жана анын 3 жашар карындашы чөгүп кеткен.

Балдарды куткарып калган да учурлар болгон, 2011-жылы август айында каналга түшүп кеткен эки жашар кызды туугандары чыгарып алышкан.

Автору: Гүлбадам Камчыбекова

Редакторлору: Бермет Абдыкадырова жана Бектур Искендер

Фотосүрөттүн автору: Искен Сыдыков

Которгон: Айсулуу Көкөева