Кыргызстан билим берүүнүн сапатын көтөрүү үчүн ЖОЖдордун санын азайтканга даяр

Кыргызстандагы эки деңгээлдүү системага өтүүгө даяр эмес ЖОЖдор колледждин деңгээлине түшүшү мүмкүн дейт билим берүү министрлигинин катчысы Керез Жукеева. Кыргызстан ушул жылдын күз айларында студенттерди окутуунун Болон системасына өтүүгө даярданууда.

Ушул жылдын сентябрь айына чейин 52 ЖОЖдун окутуучулары Болон процессинин талаптарына ылайык тестирлөөдөн өтүшү керек дейт Жукеева.

Анын сөзү боюнча стандартка дал келбеген университеттер жогорку билим жөнүндө диплом бергенге укугу жок колледждердин деңгээлине түшүрүлүп калышы мүмкүн.

Окутуучуларды жана ЖОЖдорду баалоо стандарттары жана критерийлери азыр иштелип чыгып жатат. Азырынча канча ЖОЖду кыскартышы мүмкүндүгүн так айтып болбойт дейт Жукеева.

«Ошого жараша сапаттуу билим берген жана жакшы мугалимдердин түзүмү бар университеттер кала беришет. Ал эми канча окуу жайы кыскараары жөнүндө так айтуу азырынча эрте. Бул күзүндө чечилет», – дейт билим берүү министрлигинин катчысы Керез Жукеева.

Эки деңгээлдеги билим берүү системасы студенттерге кайсы сабактарды жана кайсы окутуучуну тандайт, өз эркине коет.

Окууга төлөөнүн наркы студенттин тандаган сабагынын санына жараша болот.

Студенттер мугалимдин ишин ар бир академиялык окуу жылынын аягында баалашат.

«Билим берүүнүн кредиттик системасы коррупциянын тамырын кескенге жардам берет, себеби студент өзү сабакты тандайт – качан аны алышы керек жана кимден алат», – деп эсептейт билим берүү министрлигинин катчысы.

«Заманбап талаптардан артта калышты»

Президент Алмазбек Атамбаев 11-апрелде ЖОЖдорду кыскартуу керектигин билдирди – анын ою боюнча, Кыргызстандагы билим берүү стандарттары бүгүнкү күндүн талаптарынан «артта калды».

Атамбаев жогорку билим жөнүндө дипломду чоң адистешкен ЖОЖдор гана бериши керек деп эсептейт.

«Билим берүү – сапаттуу, заманбап талаптарга жооп берип, дал келген кызмат болушу керек. Өткөн күндүн билим берүүсүн кайталап берүү үчүн акча жумшабаш керек, – деп кайталады Атамбаевдин сөзүн басма сөз.

«Образование – услуга, которая должна быть качественной и соответствовать современным запросам. Нельзя вкладывать средства в воспроизводство образования вчерашнего дня, – процитировала слова Атамбаева пресс-служба.

Борбор Азиялык эл аралык консалтинг агенттигинин өкүлү Жипар Шабданкулова мурда Кыргызстан Болон процессине кирүүгө азырынча даяр эмес деп айткан.

«Ага кирүү үчүн стандарттарга дал келиш керек, мындайча айтканда квалификациялык, билим берүүдөгү стандарттар, билим берүүдөгү методика – баары дал келиши зарыл. Кыргызстанда ал али жок», — деди Шабданкулова.

2012-жылдын башында билим берүү министри Канат Садыков күзүндө Кыргызстандын ЖОЖдорунун баары Болон процесси боюнча – студенттерге эки деңгээлдүү билим берүүгө өтөрүн билдирген.

Студент төрт жыл бою окуп, жогорку билим алуунун биринчи тепкичин өтөт да, бакалавр деңгээлин алат. Андан соң эки жыл билим алуусу магистр деңгээлин алганга сарпталат.

Автору: Гулбадам Камчыбекова

Редактор: Эльдияр Арыкбаев

Которгон: Айсулуу Көкөева