Кыргызстан ФИФАнын рейтингинде үч позицияны жоготту

Кыргызстандын футбол боюнча тандалма командасы ФИФАнын апрелдеги рейтинги боюнча 195-орунга түштү. Мамлекеттин футбол боюнча Федерациясында рейтингдин түшүүсүн тандалма команданын матчтарынын жок болгондугунда деп түшүндүрүп жатышат.

Кыргызстан жалпы рейтингде Маврикия, Папуа-Жаңы Гвинея жана Гуаманын тандалма командаларына орун бошотуп берген.

Эл аралык федерациянын рейтингине ылайык, Кыргызстандын тандалма командасы 2012-жылдын март айына караганда 29 упайды жеңген, бул мурдагыга караганда 10 упайга аз.

Кыргызстандын футбол федерациясынын басма сөз кызматчысы Канат Асенов «Клоопко» берген интервьюсунда рейтингдин түшүшүнө акыркы кезде тандалма команданын расмий жолугушууларынын жок болушунда деп билдирген.

Анын сөзү боюнча жакын арадагы матч 1-июнга пландаштырылууда. Кыргызстандын тандалма командасы Казакстандын командасы менен Алма-Атада жолдоштук матч өткөрүшөт.

«Бул жолугушуу ийгиликтүү өтсө биз ФИФАнын рейтингинде көп упайга ээ болобуз, бирок бул рейтинг деле шарттуу болуп эсептелет», – дейт Асенов.

Асенов жолдоштук жолугушуулар 2012-жылдын сентябрында да өткөрүлөөрү пландаштырылып жаткандыгын кошумчалады.

Кыргызстандын эң жогорку позициясы 2006-2007-жылы болгон, анда ФИФАнын жалпы рейтингинде тандалма команда 139-орунду ээлеген.

Рейтинг боюнча Казакстан төрт позиция жоготсо, Тажикстандын тандалма командасы беш позиция жоготкон.

Өзбекстан Борбор Азиялык республикалардын арасынан эң жогорку – 69 позицияны ээлеген эле, ал да рейтингде эки позицияны жоготкон.

Рейтингдеги биринчи беш орунду Испания, Германия, Уругвай, Нидерланды жана Португалия ээлейт.

ФИФАдагы рейтингдин упайы тандалма командалардын өткөргөн матчтарынын натыйжаларына: алардын орчундуулугуна, атаандаштарынын күчүнө: атаандаштары кирген футболдук конфедерациянын позициясына жараша болот.


Автору: Улукбек Акишев

Которгон: Айсулуу Көкөева