«Клооп» тарабынан суралган Бишкектеги машруттук таксиси бар транспорттук компаниялардын көбү жол киреге сунушталган, 8 сомдон 10 сомго чейин баанын көтөрүлүшү алардын муктаждыктарын жаппайт дешүүдө. Маршрут айдагандардын ою боюнча жол кирени 15 сомго көтөрсө ылайыктуу болот.
Маршруткада жол жүрүү 10 сомдон көп болушу керек — деп эсептешет «Клооптун» журналисттерге сурамжылоо жүргүзгөн 9 транспорттук компаниянын 8и.
Компаниялар муну күйүүчү май менен унааны оңдогонго кеткен каражаттын көп кеткендиги, ал эми жол киреге баа 4 жылдан бери көтөрүлө электиги менен түшүндүрүшүүдө.
Бишкекте маршруттук таксиси бар 48 компания иштейт. Маршруттук такси – борбордогу эң көп пайдаланылган унаанын түрү.
«Клооп» тарабынан сурамжыланган компаниялардын экиден бири жол кире үчүн ылайыктуу баа – 15 сом деп жатышат.
Алардын ою боюнча баанын эки эсеге жакын көтөрүлүшү күйүүчү майга жана оңдоо иштерине кеткен каражатты жаап, ошондой эле жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзөт.
«Көптөрү [айдоочулар] жүргүнчүлөрдү тыгып алышат, алар туруп-турушууда. Эгерде нормалдуу отургучтарды коюшса, нормалдуу жол жүрүшмөк, нормалдуу отургучтарда отургузуп жеткиришмек», – – деди «Дордой-Транс» транспорттук компаниянын өкүлү.
«Айрус-транс-сервис» компаниянын өкүлү жол киреге баанын 10 сом болушу күйүүчү майдын бүгүнкү күндөгү көтөрүлүүсүнө дал келбейт деп эсептейт.
Аны менен Бишкектеги «Лига» транспорттук агенттиктин директору да макул болууда, жол киреге тариф 20 сомду түзүшү керек.
Бишкектеги маршруттук таксилердин жол киреси алар жеке менчик компаниялар болсо да, көбүнчө шаардык бийлик тарабынан жөнгө салынат.
Акыркы жолу жол кире 2008-жылы июнь айында 5 сомдон 8 сомго кымбаттаган.
Бишкектин мэриясы жол киреге баанын көтөрүлүшүн 2012-жыл ичи 10 сомго чейин көтөрүүнү убада кылууда, бирок жаңы баанын качан киргизилээри азырынча белгисиз – жыйынтыктоочу макулдукту Бишкек шаардык кеңеши бериши керек.
Бүгүн Бишкектин мэриясынын транспорттук башкармачылыгы баанын көтөрүлүшү керектигин моюнга алууда.
Башкармалыктын жетекчиси Геннадий Милицкий – транспорттук компаниялардын жетекчилериндей эле – кымбаттоонун себептеринин бири катары күйүүчү майдын жана оңдоо иштерине кеткен каражаттын кымбаттыгын айтууда.
Шаардын бийлиги эмне үчүн тарифти транспорттук компаниялар талап кылган бааны эмес, 10 сомго чейин гана көтөрүш керектигинин түшүндүрүшкөн жок.
«Баанын канча болушун биринчи эле монополияга каршы комитет чечет. […] Ошолор чечим чыгаргандан кийин гана, маалымат шаардык кеңешке берилет. Бүгүнкү күнгө карай монополияга каршы комитет өзүнүн чечимин чыгара элек», – деди Милицкий.
Кээ бир жүргүнчүлөр келе жаткан кымбаттоо мүмкүнчүлүгүнө каршы — Бишкектик Минара Оскулова баары кымбаттап жатканы менен анын маянасы ошол бойдон эле калды дейт.
Айгуль Жапаркулова деген студент өкмөт транспортто жол жүрүүнү көбөйтүшү үчүн мамлекетте жумушсуздуктун пайызы абдан эле жогору деп эсептейт.
Башка жүргүнчүлөр болсо баанын көтөрүлүшүнө каршы эмес экендигин, бирок бийлик ардагерлерге жеңилдиктерди сактап калышы керектигин жана студенттерге да льгот киргизиши керектигин айтышууда.
«Ардагерлер — биздин [коомубуздун бөлүгү] эң аялуу катмары, студенттердин да стипендиясы абдан аз», — дейт жүргүнчү Виктор Белолосов.
Кыргызстанда баалардын толугу менен эркин болушун каалагандар да бар — Борбор Азиядагы эркин рынок институтунун директору (КАФМИ) Мирсулжан Намазалиев жол киренин баасы каалагандай эркин болушу керек, аны транспорттук компаниялар өзүлөрү гана чечиши керек деп эсептейт.
Сиз кандай деп ойлойсуз, маршруткада жол жүрүүнүн баасы кандай болушу керек? Бааны ким койгону туура болот? Сиз жол жүрүү үчүн канча сомду ичиңиз ачышпай корото аласыз? Өзүңүздүн оюңузду төмөндөгү комментарий үчүн форманы пайдаланып, калтырып коюңуз.
Авторлор: sevara жана erik ikramedinov
Редакторлор: Зарема Султанбекова жана Бектур Искендер
Которгон: Айсулуу Көкөева