Биринчи төңкөрүштү майрамдоону жокко чыгаруу акыркы окулушта кабыл алууну күтүүдө

Парламент 24-мартты майрам жана эс алуу күнүнүн тизмесинен алып салуу жөнүндө мыйзамды экинчи окулушунда жактырды. Беш депутат бул мыйзам долбоорун кабыл алууга каршы турду дейт Бекешев.

Мыйзам «Ар-Намыс» фракциясынын депутаты Дастан Бекешев тарабынан демилгеленген.

Ал «Клоопко» берген интервьюсунда 2005-жылы президент Аскар Акаев кулаган биринчи революция өзүнүн маанисин жоготту деп билдирди.

Анын сөзү боюнча 24-март биринчи революциядан кийин келген экинчи президент Курманбек Бакиевди оппозиция кулаткан 2010-жылы апрель айында болгон мамлекеттик төңкөрүштөн кийин өзүнүн «актуалдуулугун» жоготкон.

«Бул майрам эч кандай баалуулукка ээ эмес. Буга абдан тыкан мамиле кылыш керек, Эмгек кодексине тигил же бул майрамды киргизүүгө абдан так болгон жакшы. Аны [24-мартты] майрам күнүнүн тизмесине кошпой эле тарыхый күн кылып койсо болмок — деди Бекешев.

Регламент боюнча мыйзамдын долбоору үч этаптуу добушка коюлушу керек. Депутаттар мыйзамды экинчи окулушунда кабыл алышты.

«Ар-Намыс» фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева бул мыйзамды кабыл алууга каршы добуш берген беш адамдын ичинде болчу.

Алтыбаева «Клоопко» берген интервьюсунда 24-мартты майрам күн катары алып салуунун ордуна ошол датада болгон окуяларга так баа бериш керек деп билдирген.

«Азыр шашкан бойдон бир нерсени киргизип, алып салып, четтетип же кайтарбаш керек. Биринчиден юридикалык баа берели, анан гана иш-чара жасайлы. Баары ошондон чыгат. Бул менин жалпы принцибим», – деди Алтыбаева.

«Жоогазын революциясы» Бакиевдин буйругу менен 2006-жылы 6-мартта майрам күнү деп табылган.

«24-мартты элдик революция күнү деп таануу» Мыйзамы Жогорку Кеңеш тарабынан 2008-жылдын 13-октябрда кабыл алынган.

Автору: Раим Досункулов

Редактору: Улугбек Акишев

Фотосүрөт «Азаттык радиосунун сайтынан

Которгон: Айсулуу Көкөева