Улут аралык араздашууга катышы бар деп айыпталган журналист Владимир Фарафоновдун адвокаты айыпталуучунун макалаларынын анализине ишенбегендигин билдирди. Билдирүүлөрдү баалаган Алексей Смутко мындай экспертизаны жасоо үчүн УКМК Илимдер Академиясына биринчи жолу кайрылгандыгын айтууда.
Фарафоновдун адвокаты Владислав Лужанский улут аралык араздашууга катышы бар деп айыпталган журналисттин макалаларын экспертизалаган, философия илимдеринин кандидаты Алексей Смутконун кесиптик деңгээлине ишеним кылбай жатат.
Лужанский соттун отурумунда экспертти сурак кылды.
Адвокат «улутчул» деген түшүнүктү аныкташ үчүн кандай маалымат булактарын пайдалангандыгын сурады.
Эксперт өз учурунда политология, философия, кылмыш-кодекси жана окуу куралдарындагы түшүнүктөрдү жетекчиликке алгандыгын, бирок кайсы авторлордун китептерин пайдалангандыгын так айтып бере алган жок.
«Академия буга чейин мындай экспертизаларды өткөргөн эмес. Биз УКМКны мындай экспертизаларды кандай критерий менен өткөрүшүбүз керектиги боюнча атайын курс [тренинг] өткөрүүнү сурандык. Биз алгачкыларданбыз», – деди Смутко.
Анда Фарафоновду коргогон укук коргоочу Токтайым Уметалиева жана адвокат Лужанский аны «улутчулдук» деген терминге түшүндүрмө берүүсүн сурашты.
«Бул кемсинтип, кордоо максатын көздөгөн аракет», – деп жооп кайтарды эксперт.
Бирок бул сөздү минтип түшүндүрмөлөө укук коргоочуну да, адвокатты да ынандырган жок. Алар Смуткону эксперт катары компетенттүү эмес жана терминдин философиялык маанисин билбейт деп күнөөлөштү.
Эксперт айыптоого эч нерсе дей албай отурум залынан чыгып кетти.
«Улутчулдук» боюнча айыптоо
Фарафоновду бир нече веб-сайтта, анын ичинде «Русское единство» кыймылындагы баракчада улут аралык араздашууга чакырган 16 макаланы жарыялаган деген айып менен күнөөлөшүүдө.
Кыргызстандын укук коргоочу органдарынын көңүлүн бурдурганы Фарафоновдун «Русское единство» деген сайтында жарыяланган макаласында ал 2010-жылкы этникалык араздашууну сүрөттөп жатып, «кандан башы айланган айылдык жаш кыргыздар кичинекей өзбек балдардын башын кесип жатышты» — деп жазган.
Март айынын башында Кыргызстандын жараны, журналист Кыргызстандын укук коргоо органдарына «ишенбегендигинен» россиялык бийликтен жардам сураган.
Россия элчилигинин басма сөз катчысы Виктор Харченко, орус элчилиги Фарафоновду «орус мекендеши» катары колдоорун айткан.
Илимдер академиясы Фарафоновдун макаласынын бешөөндө улут аралык араздашууга чакырыктарын талдагандан кийин, ага тергөө иштеринин жүрүшүндө иликтелген компьютеринен өчүрүлгөн 11 макала үчүн да кошумча айып тагылган.
Тергөө ишинин материалдарына ылайык, УКМК Фарафоновдун компьютеринен өчүрүлгөн макалаларды кайра калыбына келтирип, аларды Интернет-сайттарда Владимир Фарафоновдун аты менен жарыяланган макалаларга салыштырышкан.
Автору: Евгений Погребняк жана erik ikramedinov
Редактор: Эльдияр Арыкбаев
Которгон: Айсулуу Көкөева
Урматтуу пайдалануучулар, «улутчулдук» деген эмне? Ал эмнеден байкалат? Өзүңүздүн комментарийлериңизди астыдагы форма аркылуу калтырыңыз.