ИИМ жана прокуратура: Вознесеновадагы убактылуу камоочу жайда жаткан өспүрүм айткан жашынан улуу

№14 тарбиялоочу колониянын убактылуу камоочу жайында жаткан өспүрүм «өзүн башка адам катары көрсөтүүдө» дейт милиция менен прокуратура. Бала өзү тергөө тарабынан 13 жашта деп табылган.

Милиция менен прокуратура өзүнүн маалымдамасында март айында карактоого катышкандыгы боюнча шектелип кармалган өспүрүм чындыгында 1994-жылы туулган жана Красная речка айлындагы тарбиялануучу мектеп-интернатынан өзү мурда тергөөчүгө жана «Эркиндик үнүнө» айткандай качкан эмес деп айтууда.

«Ал өзүн 1992-жылы туулган деп, тергөө жүргүзүүнү адаштырган. Анын жашын тактап жатканда сотко 1998-жылкы деп айткан болчу. Андан кийин биз анын […] 1994-жылкы экендигин тактадык», – деди Биринчи май райондун прокурорунун орунбасары Жылдыз Жапашев.

Укук-коргоо органдары өспүрүмдүн энеси менен байланышканда, энеси уулунун туулгандыгы жөнүндө күбөлүгүн көрсөткөн, анда анын аты-жөнү, туулган жылы – 18-октябрь 1994-жылы экендиги жазылган.

«Клооптун» корреспонденттери Жапашев берген дарек боюнча баланын энеси менен байланыша алышты.

Жолугушууда ал сүрөт боюнча камалган бала уулу экенин таанып, ырастаган, өзү көрсөткөн сүрөттөрдө баласынын кичинекей мезгили тартылгандыгын ишендирген.

Энесинин айтуусу боюнча ал уулун эки ай бою көргөн эмес. Өспүрүмдү бир ай мурда – 2012-жылдын 3-мартында кармашкан.

«Беш айынан баштап бала чоң энесиникинде өскөн. Үч жыл мурда чоң энеси өлүп калган. Эки жыл мурда мен аны өзүмдүкүнө алып келген болчумун, бирок биз тил табыша алган жокпуз. Бирок ал жакшы, мамилелешкенди билет, мен аны үч айдан бери таба албай жүргөнмүн», – дейт өзүн баланын энесимин деген Айнура.

«Факттарды текшерүү»

Мамлекеттик укук коргоо органдары баланын так туулган жылын өзүнүн сайттарында «Эркиндик үнүнүн» укук коргоочулары тарабынан күнөөлөө болгондугуна байланыштуу маалымдашкан. Укук коргоочулар соттун чечими жана тергөө боюнча бала 13 жашар деп жарыялангандыгын айтышкан.

Кыргызстанда кылмыш-жаза жоопкерчилигине 14 жашынан гана тартса болот.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы укук коргоочуларды «факттардын тууралыгын тактоосун», баланын жашы жөнүндө маалыматтарды жарыялар алдында маалыматтардын шексиздигин текшеришин суранды.

Бирок убактылуу камоочу жайларда мониторинг кылып жүргөн «Эркиндик үнү» укук коргоочу уюму сот менен тергөө берген документтер менен гана иштешип жаткандыгын айткан.

«Биздин колубузда тергөөчүнүн бала 1998-жылкы деп жазгандыгы жөнүндө токтом бар эле. Ошондой эле бала 1998-жылы туулган деп жазылган соттун расмий токтому да бар. […] Маалыматтын тактыгын текшерүү ИИмдин өзүнүн милдети. Биз расмий документтерге таянганбыз», – дейт «Эркиндик үнүнүн» координатору Эльмира Эсенаманова.

«Эркиндик үнүнүн» уюму баланы убактылуу камоочу жайды текшерип жүргөн жеринде тапкан.

Алар өспүрүмдү Вознесеновка айлындагы убактылуу камоочу жайда сурамжылоо жүргүзүп жатканда жолуктурушкан. Өспүрүм аларга 13 жашта экендигин айткан болчу.

Бала ал жерде 3-майдан бери, бир айдан ашык убакыт отурат. Ал беш баладан турган топ менен биригип, Бишкектеги Батыш вокзалында 2-март түнү карактоо кылган деген айып боюнча шектелип жатат.

Биринчи май райондук соту аны убактылуу камоочу жайга тергөө бүткөнчө отургузуп койгон.

Автору: Любовь Шевченко

Редактор: Эльдияр Арыкбаев

Которгон: Айсулуу Көкөева