«Манас» аэропорту миллиардер бажы көзөмөлүнөн өтпөй койду деген маалыматты төгүндөөдө

«Дело №» гезити «Карету – к трапу!» деген макаласында Казакстандын президентинин атайын өкүлү, миллиардер Булат Утемуратов эл аралык «Манас» аэропортунда бажы текшерүүсүнөн өткөн эмес деген маалыматты жазган. Аэропорттун басма сөз кызматы бул маалыматты четке кагып жатат.

Казахстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин атайын өкүлү, миллиардер Булат Утемуратов Бишкекке 4-мартта, Кыргызстан менен кызматташтык жөнүндө сүйлөшүүлөр боюнча келген.

«Дело №» гезити бул «жашыруун жолугушуу» жөнүндө билип алып, 11-апрелде «Карету – к трапу!» деген материалды жарыялаган. Анда алар «Манас» аэропортунун ишиндеги «кемчиликтерин» жазышкан.

«Бул төртөө [Утемуратов жана аны менен кошо келгендер] эч кандай бажы текшерүүсүнөн өткөн жок – келгенде да, кеткенде да. Ошентсе да, мындай процедуралардан элчиликтин курьерлери жана чет мамлекеттин өкүлдөрү гана бошотулат», – деп жазган «Дела №» журналисти.

Аэропорттун басма сөз кызматы өзүнүн сайтында бул иликтөөнү төгүнгө чыгарып, гезиттин жазганын «негизсиз» жана «кемсинтүүчүлүк» деп эсептеген.

««Манас» эл аралык аэропортунун кызматкерлеринин иш-аракети расмий кагаздар, ички процедуралар жана башка нормативдик документтер менен Президенттин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктарына жараша жүргүзүлөт», – деп жазат басма сөз кызматы.

Аэропорт Утемуратов жана аны жандагандар чек арадан жана паспорттук текшерүүдөн тартипке ылайык өтүштү деп билдиришүүдө.

Назарбаевдин атайын өкүлү расмий делегациялар залында тейленүүсү керектиги боюнча буйрукту президенттин аппаратынын жетекчиси Төрөгул Беков берген.

Газета ошондой эле Утемуратовдун Кыргызстандан кеткендигине күмөн санап жатат.

««Гольфстримдин» жүргүнчүлөрүн эч ким деле көрбөй калган. [Утемуратов келген жеке учак][…] Бишкекке келген жүргүнчүлөрдүн өзүлөрү кайра кеткендиги жөнүндө толук ишенчилик да жок», – деп жазат «Дело №».

Басма сөз кызматы чек ара өтмөгүнүн билдирүүсүн келтирип, Утемуратов жана анын жанындагылары Кыргызстанга саат алтыда келишип, Бишкек-Алматы рейси менен кайра кайтышкан дейт.

«Дело №» гезитинин кызматкери комментарийлөөдөн баш тартып, гезиттин эмки чыгарылышын окууну сунуштады.

Гезит «казактын боз кардиналы» (байкалбай, жең ичинен башкарган киши) деп атаган Утемуратовдун келген максаты белгисиз.

Автору: zarina abdurahman kyzy жана Зарема Султанбекова

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Айсулуу Көкөева