Бишкектин троллейбустарында акысыз вай-фай орнотулушу мүмкүн

Шаардык бийлик өкүлдөрү аты аталбаган компаниялардын сунушун кабыл алышса, ордо калаанын троллейбустарында зымсыз интернет пайда болушу мүмкүн.

Вай-фай [зымсыз интернет] орнотулгандан кийин троллейбустагы жол кире кымбаттабайт.

Европа мамлекеттеринин тажыйырбасына таянып, компаниялар зымсыз интернет орнотууну сунуштап жатышат. Мындай кадамдар менен жаштарды коомдук транспортто жүрүүгө тартууга аракет кылышууда.

Троллейбус башкармалыгынын сатып алуу жана тендер боюнча адиси Максат Иманкожоев «Клоопко» вай-файды орнотуу сунушу талкууланып жаткандыгын айтып берди.

«Алардын сунуштарынан баш тарткан жокпуз, эгер колдоо болсо,биз орнотобуз [вай-файды]», – деди бул идеяны жактырган Иманкожоев.

Троллейбус башкармачылыгы интернет орнотууну кайсы компания сунуштаганын айткан жок.

Мындай маалыматты биринчилерден болуп Твиттер-эккаунтта Улан Джумашев аттуу банк кызматкери жазып чыккан. Бирок Джумашв дагы зымсыз интернетти кайсы компания орнотууну сунуштап жаткандыгынан кабардар эмес.

Иманкожоевдин оюнда, вай-фай коомдук транспортту пайдаланууга жаңы жүргүнчүлөрдү тартат.

Жүргүнчү Гульзат Макеева зымсыз интернетти орнотуу студенттерге пайдалуу болмок деген пикирде.

Дагы бир жүргүнчү Урмат Адбыкалыповдун айтымында, студенттер зымсыз интернетти башка жерлерде деле колдонсо болот. Анткени, алар троллейбустагы улгайган адамдарга тоскоолдук жаратышы мүмкүн дейт.

Пенсионер айым Надежда Арсенова, коомдук транспортто көпчүлүгү ардагер жана пенсионерлер жүргөндүктөн, интернеттин эмне кереги бар экенин түшүнбөйт.

Зымсыз интернет менен Орусия, Германия, Англия жана Франциянын шаарларындагы троллейбустар жабдылган.

Автор: Зарина Абдурахман кызы

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Айсулуу Кокоева