Бишкек: Айдоочу рулда каза болуп эки жеңил авто унааны сүзүп кетти [+ фото]

Байтик Баатыр көчөсүндөгү «Дастан» заводунун жанында «Тазалыктын» таштанды ташуучу машинасы эки жеңил авто унааны сүзүп кетти. Жүк ташуучу авто унаанын айдоочусу жол кырсыгы болгон жерде жүрөгү жарылып, каза болду. Учурда тергө иштери жүрүп жатат.

«Тазалык» муниципалдык мекемесинин жүк ташуучу авто унаасы туура эмес жол тилкесине чыгып, «Дастан» заводунун жаныда турган эки жеңил машинаны сүзүп кеткен.

Күбөлөрдүн бири авто унаалардын кагылышуусу учурунда айдоочу көрүнгөн эмес дейт.

Анын айтымында, кийинчерээк айдоочу кабинанын ичинде, жерде жатканда табылган.

Келген тез жардам бригадасы айдоочунун өлүмүн тастыкташкан.

Доктурлардын айтымында, айдоочунун жүрөгү токтоп калган.

Ички иштер башкармалыгынын кызматкери Медин Тыныстанов, «азырынча эч нерсе тактала электигин» айтты.

Милиция кызматкерлери күбөлөрдү сурап, жол кырсыгын хронологиясын тактап жатышат, дейт Тыныстанов.

Каза болгон айдоочунун жубайы, жолдошу жүрөк дарты менен мурун оорубагандыгын айтты.

Автор: Раим Досункулов

Сүрөттүн автору: Михаил Савочкин