Ооганстандагы салгылашуулар «Манас» аба майданындагы америкалык транзиттик борборунун иштөө тартибине таасир берген жок



Кабул жана башка шаарларда талибдердин бир катар салгылашуулары Ооганстандагы кырдаалды татаалдатышты. «Манас» транзиттик борбору бул салгылашуулар алардын ишине таасир берген жок деп билдирди. Кыргызстандын ТИМи кыргызстандыктардын арасында жабыр тарткандар жок деп айтууда.

Коомчулук менен байланыш боюнча адис Алиман Темирбек Ооганстандагы «Талибан» кыймылынын кол салууларына карабай транзиттик борбордогу жумуш кадимкидей эле «штаттык режимде» жүрүп жаткандыгын билдирди.

«Биз жылына 365 күн, эс албай, 24 саат бою иштейбиз. Биз төрт негизги милдетибизди – жүктөрдү ташуу, жоокерлерди ташуу, абада күйүүчү май куюу жана АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө милдетин аткаруудабыз», – деди Темирбек.

Авиабазадан күнүнө жетиге жакын май куюучу жана төрт-беш жүк ташуучу учак учат, деп билдирүүдө коомчулук менен байланыш боюнча адис.

Ал талибдер тарабынан ичинде АКШ да бар 27 мамлекет кирген Түндүк Атлантикалык келишимге кирген уюмунун (НАТО) күчүнө каршы согушунун улам-улам болуп жаткан кол салуусуна карабастан, «Манас» транзиттик борбордогу жумуштун графиги өзгөрөбү же жокпу так айта алган жок.

«Биз али боло элек нерселер жөнүндө эч нерсе айта албайбыз. Эмне болсо ошол болот. Келечек көрсөтөт», – дейт Темирбек.

Талибдердин жекшембидеги кол салуусу

15-апрелде дүйнөлүк ЖМКлар Ооганстандагы НАТОнун штаб-квартирасына, өкмөттүк мекемелерге жана чет мамлекеттик элчиликтерге бир катар кол салуулар болгонун билдиришти.

«Ооганстандын борборундагы атышуулар жөнүндө алгачкы билдирүүлөр жергиликтүү саат боюнча 13:15те (Гринвич боюнча 08:45) башталып, тогуз саат өткөндөн кийин деле уланып жаткан», – деп жазат Британдык жаңылыктарды билдирүүчү корпорация.

Түрдүү булактар боюнча Ооганстандагы НАТОнун аскерлеринин жана «Талибан» кыймылынын беттешүүсүнөн 19 – 36 кол салуучу каза тапкан.

Сегиз оогандык жоокер набыт болуп, 15 жоокер жаракат алган деп жазат Евроньюс.

«Биз бул кол салууларды көп айлар бою пландап жүргөнбүз. Бул каршылашуунун жазы», — деп билдирди «Талибан» кыймылынын жетекчиси Забиулла Муджахид.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Ооганстандагы кыргызстандыктын арасында жабыр тарткандар жөнүндө маалыматтар жок деп билдирүүдө.

Тажикстандын Кыргызстандагы басма сөз кызматы учурда Ооганстан менен Тажикстандын чек арасында «баары тынч» деп билдирди.

Элчиликтин өкүлүнүн билдирүүсү боюнча бул кол салуулар Борбор Азиядагы кырдаалга таасир тийгизбейт.

1999-жылы Кыргызстандын территориясында талибдердин колдоосу аркылуу Өзбекстандын ислам кыймылынын мүчөлөрү тарабынан кол салуу болгон. Ал учурда алар Ооганстандын көп бөлүгүн көзөмөлдөп турушкан.

Талибдер АКШнын экс-президенти Джордж Буштун 2001-жылы 11- сентябрдагы теракттардан кийинки террорго каршы операцияларынан кийин НАТОнун күчтөрүнө каршы күрөшүп келе жатышат.

Ал террористтик акттардын жыйынтыгында эгиз Дүйнөлүк соода үйү кыйраган жана АКШнын коргоо министрлиги Пентагондун имараты зыян тарткан.

Автору: Евгений Погребняк

Редактору: Эльдияр Арыкбаев