Оштун борборунда пенсионер өзүн өзү өрттөп каза болду

Пенсионер Каныбек Сейитбеков Ош шаарынын борбордук аянтында өзүн өзү өрттөп салды. Милиция кызматкерлеринин маалыматы боюнча, Сейитбековдун митингдерге болгон нааразычылыгы анын мындай кадамдарга баруусунун негизги себеби болгон.

Милиция кызматкерлеринин маалыматы боюнча, өзүн өзү өртөө 15-апрелде кечки саат алтыда болгон.

Сейитбеков «Кыргызстандагы митингдерден тажап кеттим» деп кат жазып кеткен.

«Таазим кылып, митингдерди өткөрбөгүлөчү деп суранам. Кыргызстан жашаш керек. Бабановду [премьер-министр], Атамбаевди [президент], Мадумаровду [«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери] сыйлагыла», – делет пенсионердин катында.

Ош шаардык мэриясы бул окуянын деталдарынан кабардар эместигин айтты. Басма сөз катчылыктын айтымында, маалыматтар такталып жатат.

Пенсионер Ош облусттук ооруканага жеткирилген.

Облустук оорукананын реанимация бөлүмүнүн башкы доктуру Айдар Мамановдун айтымында, Сейитбековдун териси толугу менен күйүп кеткен.

«Терисинин 96 пайызы күйүп кеткен. Диагноз – күйүктөн алынган шок. Саат 18:40та ооруканага алып келишти. Өтө оор, шок абалында болчу», – дейт доктур.

Сейтибеков төрт саатан кийин каза болгон.

«Күйүктөн алынган шоктон каза болду», – дейт Маманов.

Денеси туугандарына берилди, дейт милиция.

Ички иштер министрлигин версиясы боюнча каттын толук тексти (стили сакталган):

«Менин өлүмүмдүн себеби — Кыргызстандагы митингдерден тажадым. Эч бир саясат жүргүзбөгүлөчү!!! Бабанов менен Атамбаевге ишенем, Мадумаровдон үмүтүм үзүлө элек.

Лениндин жаныда күйүп кеткенимди Ленин көрсүн! Лениндин, Бабановдун, Атамбаевдин, Адахан Мадумаровдун чындыгына таазим кылам.

Суранычым: чиновник жана байлардын мүрөзүсүнүн кире беришинде мындай деп жазып койгулачы: Мен да сендей болгом, сен дагы мендей болосуң, табяттын мыйзамы ушундай. Алай районунун акимине сураныч: сөөгүмдү Памир жолундагы Гүлчөгө койгула, эч кандай эстелик орнотпогула.

Памир жолунун боюнда «Биз катуу уйкуга кирдик, Алай тоолорунун тагдырын силерге тапшырдык» деп жазып койгула. Башка эч нерсе суранбайм.

Эгер мүмкүнчүлүк болсо менен кемпириме медициналык жардам көрсөтүп койгула.. Каныбек Сейитбеков Алай — Гүлчө — МТФ. Акыркы суранычым: Таазим кылып, митинг өткөрбөгүлөчү деп суранам. Кыргызстан жашаш керек. Бабанов, Атамбаев, Мадумаровду сыйлагыла».

Редактор: Эльдияр Арыкбаев
Автор: Кадича Рыскулова

Которгон: Бермет Абдыкадырова