Милиция митинг кылган Ош базарынын соодагерлерин кармаганга аракет кылды



Милиция кызматкерлери парламенттин маңдайында базардын 20дай соодагерин «коомдук тартипти бузгандыгы үчүн» кармап кеткенге аракет кылган. Ишкерлерге укук коргоочу Назарбек Нышанов болушуп, бул тынчтык митинги деп милицияга түшүндүргөн.

Укук коргоочу Назарбек Нышанов ага саат 12де Ак үйдүн жанында митинг кылып тургандар чалышып, милициянын наряды келгенин айтышкан.

Анын сөзү боюнча парламенттин имаратынын алдына соодагерлерди кармап кетиш үчүн үч машина келген.

«Милиция аларга жолду тороду деген айып таккан. Митингчилер болсо жолду торобогондугу жөнүндө айтышууда», – деди Нышанов.

Ош базарынын иш таштоочулар комитетинин мүчөсү Айбек, митингчилер эч кандай укук бузуу кылбагандыгын – алар жолдун чекесинде туруп, жазуусу бар кагаздарды каякка чаптаарын акылдашып турушкандыгын айттууда.

«Биз бул жерде 15 күндөн бери турабыз. […] Биздин иш орундарыбызды тийбешин талап кылып жатабыз. […] Алар [бийликтегилер] биздин проблемабызды чечип беришсин», – дейт Айбек.

Шаардын ички иштер башкармачылыгынын басма сөз кызматы милициянын кызматкерлери Ак үйгө барышканын тастыктап – ШИИБ муну коомдук тартипти сактоо үчүн профилактикалык иш деп атаган.

Ош базарынын соодагерлеринин митинги жолду бошотуш үчүн базардын чет-жакаларындагы сатуучу жайларды алып салуу боюнча мэриянын чечими чыккандан кийин башталган.

2010-жылда кабыл алынган Кыргызстандын Конституциясында тынчтык митингдерин өткөрүү эркиндигине кепил берет.

34-берененин 1-пунктунда: «Ар ким тынч чогулуш өткөрүү эркиндигине укуктуу. Эч ким чогулушка катышууга мажбурланууга тийиш эмес» деп жазылган.

Курманбек Бакиевдин президенттигинин акыркы эки жылында өкмөт тынчтык чогулуштарын өткөрүүчү жерлерди чектеп койгон, оппозициянын митингдери милиция менен басылып, нааразылык билгизгендерди камап койгонго мүмкүнчүлүгү бар болчу.

Автору: Светлана Пак

Редактор: Эльдияр Арыкбаев

Которгон: Айсулуу Көкөева