Жалал-Абад: күйөөсү аялын кызгангандыктан базарда «өлтүрүп койду» [+ күбөнүн интервьюсу]


Укук коргоо органдарынын кызматкерлери Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында өзүнүн аялынын башына 15 жолу бычак ургандыгы боюнча шектелген эркекти кармашкан. Окуянын күбөсү аялга жардам берем деп аракеттенип жатып, бөйрөгүнө бычак жегендигин айтууда.

Жалал-Абаддын ички иштер бөлүмү 13-апрелде эт саткан жерде иштеген аялын өлтүргөндүгү боюнча шектелген адамды кармашкан.

Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөзүнүн билдирүүсү боюнча киши кызгангандыгынын айынан аялынын башына 15 жолу бычак урган.

Басма сөз кызматындагылардын айтуусу боюнча кол салган киши бир аял менен бир эркекке да залака келтирген. Аларды да бычак менен жарадар кылган.

Жабыр тарткандар ооруканага жеткирилген.

Джалал-Абад ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысынын айтымы боюнча өлтүрүүнүн алдыңкы күнү жубайлар чатакташып кетип, аял өзүнүн эжесинин үйүнө түнөгөнү кеткен экен.

Окуянын күбөсү Сырга Жороева жардам бергенге аракет кылгандыгын айтып берди.

«Ал менин бөйрөгүмө бычак урду, мен жыгылдым. Болгону ошол, андан башка эч нерсе эсимде жок», – деди Жороева.

Жалал-Абад ички иштер башкармалыгы өлтүрүү факты боюнча кылмыш-жаза ишин козгоду.

Автору: Миргуль Эшбаева

Редактору: Зарема Султанбекова

Которгон: Айсулуу Көкөева