Жалал-Абад облусу: милиционерлер 1,5 килограмм нашаа алып бара жаткан аялды кармады



Токтогул районунун баңгизат менен күрөшүү боюнча ички иштер бөлүмү Жалал-Абад облусунун Үч-Терек айылында бир жарым кг. нашаа алып бара жаткан аялды кармашкан. Ага тергөө иштери козголду.

Жалал-Абад ички иштер министрлигинин облустук башкармачылыгынын басма сөз катчысы Таалайбек Суусунбаевин айтканына караганда милициялар аны баңгизат саткандыгы боюнча шекшип тинтиген маалында аял Ош — Бишкек трассасында турган.

Суусунбаев милиционерлер эмне үчүн аялды «шектүү» деп эсептешкенин түшүндүрмө берген жок.

Бир жарым кило нашаа анын кийиминин ичинде, жоолукка жана целлофан пакетке оролуп катылган болчу.

Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат комментарийлөөдөн баш тартты.

Биринчи жолу эмес

Милициянын баңгизат боюнча шектенгендерди кармагандыгы боюнча окуя бул айда бир нече болгон.

Милициянын кызматкерлери Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылында бир эркекти тинтип жатып1,78 килограммапийим табышкан.

Кийинчерээк, 26-мартта, милиция Чүй облусунун Сокулук районундагы үйдө1,3 килограммсактаган аялды кармаган.

Кийинки эле күнү ички иштер министрлигинин кызматкерлери Чүй облусунда автомобилди тинтишкенде багажниктин ичинен 2 килограммдан ашык героин табышып, шектүү эки кишини кармашкан.

Трафик менен күрөшүү үчүн 10 миллион

Кыргызстан, Ооганстандан Европага кетчү наркотрафиктин жолунда болгондугу үчүн бангизатка каршы күрөшүүгө башка мамлекеттерден жардам катары акча алып турат.

Россия Кыргызстанга апрель айынын ортосунда наркотрафикке күрөшчүлөргө жабдуу жана жоокерлерди машыктыруу үчүн имарат курууга 6 миллион сом бөлүп берген.

АКШ Кыргызстанга наркотрафик менен күрөшүү үчүн февралдын аягында 4,2 миллион доллар бөлгөн.

Ошону менен катар Кыргызстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери да криминалдык хроникага түшүүдө – улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы тарабынан 12-апрелде Биринчи май ички иштер башкармачылыгынын кызматкерлерин баңгизат сатып жаткан жеринен кармашкан.

Автор: Гулбадам Камчыбекова

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Айсулуу Көкөева