Билим берүү министрлиги: ЖРТнын өзбекче версиясын «Кыргыз жаштар кеңешинин» каршылыгына карабай калтырат

Билим берүү министрлиги орто билим алгандар үчүн жалпы республикалык тестирлөө милдеттүү түрдө өткөрүлүшү керек деп — «Кыргыз жаштарынын кеңешинин» тесттер кыргыз жана орус тилинде гана өткөрүлсүн деген талабына карабастан өзбек тилиндеги версиясын сактап калаарын билгизүүдө.

«Кыргыз жаштар кеңеши» уюмунун 15 мүчөсү 18-апрелде билим берүү министрлигинин имаратынын алдында жалпы республикалык тесттин өзбек тилиндеги версиясын алып коюу талабы менен пикетке чыгышкан.

Өзүн «Кыргызстанды сактап калчу патриоттор» деп атаган митингчилер билим берүү министрлиги ЖРТнын өзбек тилиндеги версиясын сактоосу менен конституцияны бузууда деп эсептеп жатышат.

Анын ою боюнча өзбек тилиндеги тесттин болушу «конституцияны бузат», анда орус жана кыргыз тилинин гана статусу бар.

«Түштүктөгү кыргыздар нааразычылык билгизүүдө жана билим берүү министрин кызматынан алып салууну сунушташууда», — дейт кыймылдын төрагасы Таштанбек Токтомушев.

Билим берүү министрлиги болсо өзүнүн басма сөз кызматы аркылуу — ЖРТнын өзбек версиясын алып салуу Кыргызстандагы өзбек тилдүү жарандарынын укугун басмырлоо болот деп, ЖРТнын өзбек тилиндеги версиясын калтыраарын билдирүүдө.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда мамлекетте 91 өзбек тилдүү орто мектеп бар.

Авторлор: Улугбек Акишев жана Любовь Шевченко

Которгон: Айсулуу Көкөева

Жалпы республикалык тестирлөөнүн өзбек версиясын сакташ керекпи?