Парламенттин оппозициясындагы талапкерлер КТРКнын Байкоочу кеңешине кирбей калышты



Парламент оппозициядан бир да талапкер кирбей калган коомдук телерадионун көзөмөлдөөчү кеңешинин жыйынтыкталган түзүмүн бекитти. Мындан мурдагы түзүм 2011-жылы, «КТРК жөнүндө» мыйзам кабыл алынгандан кийин таркатылган.

Жаңы мыйзамга ылайык көзөмөлдөөчү кеңешке президенттен, парламенттен жана жарандык коомдон беш талапкер кире алат.

Көзөмөлдөөчү кеңешке иштеп жаткан ар бир беш фракциядан эки талапкер сунушталган.

Кеңешке «Республикадан» эки талапкер (Тамара Жаманбаева, Жылдыз Бакашева) жана калгандары «Ар-Намыстан» (Сабырбек Мукамбетов), «Ата Мекенден» (Кылычбек Султанов) жана СДПК (Тынчтыкбек Чоротегин) бирден кирген.

Бир дагы добуш албай калган «Ата-Журт» оппозициялык фракциясы КТРКнын мүчөлөрүнүн шайлоосунун жыйынтыгына каршы чыкты.

Фракциянын лидери Камчыбек Ташиев талапкерлерди талкуулоого кайрылууну сунуштады эле, бирок парламенттин спикери Асилбек Жээнбеков андан баш тартып, жыйынтыктар чыккандыгын айтты.

«Биз бүгүн кеңешти мыйзамсыз, туура эмес шайлап жатабыз. Биз процедураларды бузуп жатабыз жана добуш берүүнү туура эмес жүргүзүп жатабыз», – деди «Ата-Журттун» депутаты Жылдызкан Жолдошева.

«Атажуртчу» Улугбек Кочкоров спикерге жана башка фракциянын депутаттарына дагы бир жолу добуш берүүнү, парламенттен да кеңешке мүчө киргизүүнү сунуштады – төрт мүчө парламенттин көпчүлүгүнөн жана бирөө оппозициядан.

«Ар-Намыстын» депутаты Турсунбай Бакир уулу ага жооп кылып, эгерде добуш берүүнүн жыйынтыгы кайра карала турган болсо, шайланып калгандардын укугун чектегендик болот деп билдирген.

Спикер талапкерлерди кайра кароодон баш тартты, депутаттар болсо кеңештин тандалган мүчөлөрүн бекитишти. «Ата-Журт» фракциясы кыр көрсөтүп өз ордунан туруп, отурум залынан чыгып кетти.

«Биз дагы эле бакиевчилерди тандап жатабыз», – деп билдирди отурум залынан чыгып жатып Ташиев.

2010-жылы бийлик алмашкандан кийин Улуттук телерадиокорпорация Коомдук болуп калган. Ошол маалда шайланган көзөмөлдөөчү кеңеш УТРКдагы системалык өзгөрүүлөр үчүн түзүлгөн.

Көзөмөлдөөчү кеңештин негизги маселеси болуп, калктан келген арыздарды жана сунуштарды кабыл алуу жана телерадиокорпорациянын редакциялык саясатын калыптандыруу эле.

УТРКда үч жылга шайланган көзөмөлдөөчү кеңеш 2011-жылы ноябрь айында «ОТРК жөнүндө» мыйзам кабыл алынгандан кийин таркалууга мажбур болгон. Ошол мезгилде аны кабыл алуу депутаттардын телеканалга таасир тийгизүүгө мүмкүнчүлүгү катары бааланган.

  • Рита Борбукеева – Президент КСДПнын мүчөсү, «Айат» газетинин журналисти
  • Нурбек Касымбеков – Президент Жарандык коомду колдоо Борбору
  • Анатай Омурканов – Президент Кыргызстандын жазуучулар жана акындар союзунун мурдагы жетекчиси
  • Абды Сатаров – Президент Регионалдык телерадиоберүүлөр менен кызматташуу жана кадрларды кайра даярдоо Редакциясынын мурдагы башкы редактору
  • Игорь Шестаков – Президент Саясат боюнча серепчи
  • Тамара Джаманбаева – ЖК «Замана» телевизиондук студиясынын жетекчиси
  • Жылдыз Бакашева – ЖК Кыргызстандын Улуттук китепканасынын Жетекчиси
  • Сабырбек Мукамбетов – ЖК Саясат боюнча серепчи
  • Кылычбек Султанов – ЖК «Супер Инфо» гезитинин уюштуруучусу
  • Тынчтыкбек Чоротегин – ЖК Кыргызстандагы «Азаттык» радиосунун мурдагы баш редактору
  • Илим Карыпбеков – Жарандык коом «Альфа Телеком» ЖАКтын юридика бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси
  • Фархад Бекмамбетов – Жарандык коом «Айтыш фильм» продакшн студиясынын Башкы директору
  • Вячеслав Гончаров – Жарандык коом «Специальный репортаж» долбоорунун редактору
  • Мыктыбек Арстанбек – Жарандык коом Журналист
  • Эрнест Абдыжапаров – Жарандык коом Кинорежиссер

Автору: Улугбек Акишев

Которгон: Айсулуу Көкөева