Күрөөканалардын ээлери патентке болгон бааны «өтө жогору» деп эсептешүүдө

Салык кодексине киргизилген акыркы түзөтүүлөрдү кабыл алгандан кийин күрөөканачылар ай сайын 15 миң сомго патент сатып алууга милдеттүү болушат. Күрөөкана кармагандар бул сумманы «өтө жогору» деп жатышат.

Парламенттин чечими боюнча кыска мөөнөттүү карыз берген мекемелер (күрөөканалар) ай сайын патент сатып алуусу керек болот.

Мамлекеттик салык кызматынын билдирүүсү боюнча Кыргызстанда 415 күрөөкана иштейт, алардын 15и Бишкекте жайгашкан.

Депутаттардын боолголоосу боюнча бул мамлекеттин бюджетине 73 миллиондон ашык сом киреше алып келет.

Мыйзамдын долбоору депутаттар тарабынан үчүнчү окулушунда кабыл алынып, президентке кол койгонго жиберилген.

Күрөөканалардын ээлери патент үчүн мындай баа төлөөгө каршы болушууда. Бул боюнча «реалдуу» баа каралашы керек, дейт Бишкектеги күрөөканалардын бирөөсүнүн кызматкери Гульназ Саргалдакова.

«Ооба, албетте, патент ыңгайлуу, бирок кандай учурда? Эч жерге чуркап, отчет бербейбиз. Биз салык төлөйбүз […], калган алтындан», — деп билдирди Саргалдакова.

Анын сөзү боюнча эгер патент салык төлөөгө караганда кымбат болсо, күрөөкана эч кандай киреше албай калат.

Күрөөканалардын ээлери патент абдан ыңгайлуу деп жатышат. Салык кызматынын такай текшерип туруу машакаты кажетсиз болот дейт бир күрөөканачы.

Алардын сөзү боюнча баардыгы келип эле патенттин баасына такалууда. Ар бир эле күрөөкана мындай баадагы «потентти көтөрө албайт» дейт, аты-жөнүн айтуудан баш тарткан Бишкектеги Айчүрөк соода борборундагы күрөөкана иштетүүчүнүн бири.

Анын сөзү боюнча, күрөөканалардын чоң тармактуулары, миллиондогон акча жүгүрткөндөр 15 миң сомду төлөгөнгө мүмкүнчүлүгү бар, бирок «майда» күрөөканалар да бар да, алар андай сумманы «көтөрө алышпайт».

Мурда күрөөканалар мамлекеттик органдарга ай сайын социалдык фондго, кирешеге карай, пайда алганына жараша акча төлөшчү.

Автору: Раим Досункулов

Фотосүрөттүн автору: ELF