Коргоо министрлиги уюлдук телефонго тартылган «чоң аталык» (дедовщина) боюнча иликтөөнү баштады

КР Куралдуу күчтөр институтунун курсанттарын кордоо боюнча шектелген видео тасма 18-апрелде Интернетке коюлган. Коргоо министрлиги аны жарыялоого чейин эле көргөндүгүн жана бул иш боюнча ишти Аскерий прокуратурага бергендигин айтууда.

Бул 18-апрель күнү күндүз видео-шерингдик «Булбул» сервисинде» пайда болгон видеороликте бейтааныш адамдар казармага окшош бөлмөдө катар тизилип турган балдарды уруп-сабап жаткандыгы көрүнүп турат.

Ич кийимчен турган жигиттер — улам-улам уруп-согууларга дуушар болушууда, анын ичинде — аларды бетке жана ичке соккулап жатканы байкалууда.

Белгисиз адамдар алардын арасында видеого тартып жаткан бирөө бир эпизодунда балдар колун жерге таканчыктап жатышса, белинен басып жүрүшөт.

Министрликтин басма сөз кызматында видео ролик жарыялагандан кийин аны 2009-жылы, Кыргызстандын Куралдуу күчтөр аскерий институтунун 3-курсунун курсанты тарабынан тартылган деп билдиришти.

Коргоо министрлиги аны Интернетте жарыяланганга чейин эле көргөндүгүн жана бул иш боюнча 16-апрелде Бишкектин гарнизонунун Аскерий прокуратурасына алардын юридикалык баа бериши үчүн өткөрүп бергендигин айтууда.

Коргоо министрлиги бул видео «Булбулда» жарыялангандан кийин гана билдирүү жасады.

Министрликтин версиясы боюнча видеодо институттун үчүнчү курсунун студенттери биринчи курстун студенттерин «кордоп» жана «кемсинтип» жатканы тартылган.

«Кызматтык иликтөөнүн натыйжасында видеого 2009-жылдын октябрында, Куралдуу күчтөр аскерий институтунун казармасында тартылгандыгы такталды. Видеонун бардык катышуучуларынын аты-жөнү такталган», — деп айтылат коргоо министрлигинин пресс-релизинде.


Чоң аталык (дедовщина) жашырынууда

Жоокер энелердин Коомдук бирикмесинин төрайымы Галина Афонина чоң аталык — Кыргызстандын армиясындагы кадыресе көрүнүш деп айтат.

Афонинанын айтуусу боюнча, мындай факттар жашыруун, себеби мындай окуялар үчүн офицерлерди жазалашат.

Ал чоң аталыкты 2010-жылдын июнунда Кыргызстандын түштүгүндө болгон этникалык кагылышуудан кийин күчөгөн деп эсептейт.

«Мына ушуга окшогон жаман нерселер, тактап айтканда чоң аталык мурда эле бар болчу, бирок ал азыр – айрыкча июнь окуясынан кийин абдан көп — психологиялык кырдаал башка, алар [аскерге чакырылгандар] абдан катаал, бетсиз болуп калышты», – деп айтты Афонина.

Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлүнүн айтуусу боюнча чоң аталыктын болушу — же «уставда жок мамиле» — куралдуу күчтөрдө «аз санда» гана.

Эң аз дегенде жылына үч жолу

2012-жылдын эсеби менен алганда бул уставдык эмес мамиленин кеминде үчүнчү окуясы.

Бул жылдын январь айында Аскерий институттун биринчи курсунун курсанты Таалай Болотбек уулунун өзүнө кол салуусун Коргоо министрлиги уставдык эмес мамиленин айынан деп түшүндүргөн.

Ал окуу корпусунун дааратканасында асылган жеринен табылган, бул боюнча «Өзүн-өзү өлтүрүүгө чейин жеткирилген» деген берене менен кылмыш-жаза иши козголгон.

Март айында Бишкектин жанындагы аскерий бөлүгүндөгү эки аскердик бөлүктүн ортосунда массалык мушташ болгон. Ал боюнча Коргоо министринин орунбасары Замир Сүйөркулов уставдык эмес мамилелердин айынан деген түшүнүк берген.

Мушташтын натыйжасында он киши жаракат алган болчу.

Фото — скриншот «Булбул» сайтындагы видеодон алынды

Автору: Галия Хайретдинова

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Айсулуу Көкөева